04:58, 25-сентябрь, 2022

Раиса Атамбаева Садыр Жапаров менен эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн ачыктады

На русском
18:01, 23-сентябрь, 2022 1938

АКИpress -  Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева президент Садыр Жапаров менен жолугуусу тууралуу айтып берди. Анын билдирүүсү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин социалдык тармактагы баракчасында жарыяланды.

Ал жолугушуу Садыр Жапаровдун уулу Рустамдын демилгеси менен уюштурулганын тастыктады.

«Биз президенттен Алмазбек Шаршеновичти дарыланууга жөнөтүүнү сурандык. Ага операция жасаш керек, андай операция Кыргызстанда жасалбайт. Мен Алмазбек Шаршенович келмейинче Сеид, Кадыр үчөөбүз түрмөдө отурууга даяр экенибизди айттым. Садыр Нуркожоевич «жок, сот бүткөнчө операцияга жана дарыланууга жөнөтө албайбыз» деди», - деп жазды Р.Атамбаева.

Анын айтымында, Атамбаевге козголгон кылмыш иштери боюнча сот процесстери адилеттүү, мыйзам талаптарына ылайык өтсө, Кой-Таш окуялары боюнча сот процесси гана 3-5 жылга созуларын белгиледи.

«Дарылануусуз мынча жыл күтүү — Атамбаев үчүн түрмөдө ажалын күтүү дегенди түшүндүрөт.

Андан соң президенттен Батукаев боюнча кылмыш ишти кайра адилеттүү кароону сурандык. Биз актоону, эркиндикке чыгарууну суранган жокпуз. Сот отурумунун ачык өтүүсүн өтүндүк. Буга чейин сот отуруму жабык эшик артында УКМКнын имаратында өткөн болчу», - деди Р.Атамбаев.

Ал Садыр Жапаров менен жолугушуу түшкү тамактануу учурунда 2 саатка созулганын, президент жолугушуу тууралуу эч кимге айтпоону суранганын билдирди.

Алмазбек Атамбаев учурда Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясында камакта кармалууда.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком