03:47, 25-сентябрь, 2022

Октон талкаланган «Тамдык» заставасы тажик жарандарынан бошотулган

На русском
17:45, 23-сентябрь, 2022 1665

АКИpress -  16-сентябрда Тажикстан тарап Баткен чек ара отрядынын «Тамдык» чек ара заставасын артиллериялык куралдар менен аткылап, кол салган, деп билдирди УКМКнын Чек ара кызматы.

«Чек ара заставасынын башчысы өз өмүрүнөн кечип, заставанын өздүк курамына, аскер кызматкерлерине душмандын көп сандагы күчтөрү менен салгылашып, андан соң маневр жасоого мүмкүнчүлүк берген», - деп айтылат расмий маалыматта.

Бул күнү атылган октон «Тамдык» чек ара заставасынын бардык инфраструктурасы талкаланган.

«Чек ара кызматына Тажикстандын жарандары “Тамдык” чек ара заставасынын аймагында жүргөндүгү тууралуу маалымат түшөрү менен тиешелүү чаралар көрүлүп, натыйжада Тажикстандын жарандары заставанын аймагынан чыгарылган.

Азыркы учурда чек ара заставанын аймагы Кыргыз Республикасынын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн аппаратынын көзөмөлүндө болуп, алар мамлекеттик чек аранын бул тилкесиндеги абалды такай көзөмөлдөп турушат», - деп билдирди Чек ара кызматы.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком