04:51, 25-сентябрь, 2022

ИИМ эскертет: Чек арада снаряд же шектүү буюмдар табылса, ыкчам топко билдирүү керек

17:01, 23-сентябрь, 2022 273

АКИpress -  Чек арада ок атылып талкаланган айыл аймактардагы айрым жашоочулар жерине кайтып жатат.

«Айыл ичинде же короодо, үйдө жарылбай калган снаряддар же шектүү буюмдарды байкасаңыздар, өз алдынча чара көрбөй, ал нерселерге жакын жолобой дароо кайгуулда жүргөн топторго же иш алып барып жаткан ыкчам топторго билдириңиз», - деп эскертти ИИМ.

Чек арадагы айылдарда текшерүү иштери толук аяктай элек.

«Толук текшерүү иштери бүткөнгө чейин коопсуздук жана текшерүү иштерине жолтоо болбош үчүн кары-картаңдар, аялдар жана балдар эвакуация болгон жерлерде болушса, зарылчылык болсо үйлөргө кожоюндар эле келип турса деген сунушту берет элек.

Ошондой эле, жарандарды социалдык тармактарда расалык, этностук¸ улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга (араздашууга) үндөгөн чагымчыл материалдарды бөлүшпөөгө чакырабыз», - деп билдирди министрлик.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком