04:45, 25-сентябрь, 2022

Садыр Жапаров кайрадан «алтын уурдалып жатат» деген кептерге жооп берди

На русском
13:53, 23-сентябрь, 2022 403

АКИpress -  Президент Садыр Жапаров улуттук “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек курду. Анын жүрүшүндө кайрадан Кумтөрдүн алтыны тууралуу суроого жооп берди.

— «Алтындарыбыз уурдалып жатат» деген кеп-сөздөрдүн аягы дагы деле токтой элек. Буга эмне деп жооп бересиз?

— Өткөндө эле айттым эле, учурдан пайдаланып, дагы бир жолу айтып коеюн. Жогорку Кеңеш тиешелүү комиссия түзүп, текшерип келгенге толук укугу бар. Эч ким бут тоспойт. Төрагага айтам, комиссия түзүшсүн. Текшерип келип, жалпы элге чын экен же калп экен деп жарыя кылып коюшсун. Комиссияга коомчулуктун өкүлдөрүнөн дагы кошуп алышсын. Алтындын «а» тамгасын түшүнбөгөн блогер чалыштарды сөзсүз кошуп алышсын. Билип алышса, анан ар кандай сөздөр токтойт эле.

Мен айтып коеюн, тонналаган алтынды биякка коелу, 1 кг алтын уурдаган болсо, жакыным же досум экенине карабай каматам. Уурдаганын он эселеп кайтартабыз.

Андыктан, мен президент болуп турганда «алтын уурдалат» деген түшүнүктөн таптакыр эле алыс болгула.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком