05:54, 25-сентябрь, 2022

«Балдары менен жолуктум»: Садыр Жапаров Атамбаевди бошотуу тууралуу суроого жооп берди

На русском
12:11, 23-сентябрь, 2022 3381

АКИpress -  Президент Садыр Жапаров улуттук “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек курду. Анын жүрүшүндө Бириккен улуттар уюмунун жогорку трибунасында сүйлөгөн сөзү жана Алмазбек Атамбаев боюнча суроого жооп берди.

— БУУнун жогорку трибунасында сүйлөгөн сөзүңүз коомчулук тарабынан аябай жылуу кабыл алынды. Тажик тарапты ачык эле агрессор деп атадыңыз. Сүйлөгөн сөзүңүздүн текстин ким жазды? Спичрайтерлерби, дипломаттарбы же өзүңүзбү? Коомчулукта бирөөлөр жазып берди да деген сөздөр болуп жатат.

— БУУда сүйлөгөн сөзүмдү өзүм жаздым. Болгондо да учакта кетип бара жатып өтө маанилүү жерлерин толуктадым. Спичрайтерлер чек ара маселесин чечүүдө же кандайдыр бир жолугушууларга мени менен бирге катышкан эмес да. Маселе кандай чечилип же чечилбей жатканынан кабарлары жок. Спичрайтерлер менен Президенттин администрациясындагы тиешелүү бөлүмдөр өлкөбүздүн ички иш-чараларда сүйлөй турган сөздөрүмдү гана алдын ала даярдашат. Бирок ошондо да баары бир көпчүлүк жерлерин өзүм оңдойм, алымча-кошумча кылам дегендей. БУУда сүйлөй турган сөзүмдүн ар бир тамгасын «жети өлчөп, бир кеспесем» болбойт эле. Себеби БУУнун жогорку трибунасы оюнчук эмес да. Анын үстүнө бул маселе жөнөкөй маселе эмес, өтө олуттуу маселе.

— Кандай болсо да, бул сөзүңүз улутту бириктирүүчү мааниге ээ болду десем жаңылышпайм. Ал турсун мурда-кийин сындап жүргөндөр дагы кубаттап, алкап атышты. Эл кадимкидей бир муштумга бириккени көрүндү. Эми ушул биримдикти мындан ары дагы кармап калуу мүмкүнбү? Катуу сындап жүргөндөр да, адатта Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иши саясий негизде козголду дешкен, Ош коогалаңы боюнча жоопко тартылып жатышкан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн тарапкерлери да сизди колдошту. Саясий иш дегендерди жаап салып, түрмөдө жаткан Атамбаевди бошотуп салсаңыз болобу?

— Ушул саясий иш дегендердин баары мен бийлик башына келгенге чейин болгон иштер. Асты 12 жыл, арты 3 жылдан ашкан иштер. Мен сотторго “күнөөлүүбү соттогула. Күнөөсү жокпу, актагыла. Мурдагыдай сот иштерин Ак үй көзөмөлгө алып турат деген болбосун” деп дайыма айтып келем. Соттор ишин так аткарып жатышат. Мисалы, кечээ жакында эле Октябрь окуясы, Калыс-Ордодогу мектеп, түрк жарандарына мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча Атамбаевди сот толук актап жиберди го. Эмнеге муну көрбөйсүңөр? Соттоп жиберсе, анда дагы “саясий негизде соттоп жиберди” деп чыкмаксыңар. Актап жиберсе, бирөө дагы "адилет чечим болду" деп айтып чыккан жок. Калыс болуш керек да. 12 жылдан бери "Ош коогалаңы боюнча чекит коюп бергиле" деген элдин талабы бар. Прокуратура тергеп туруп, сотко жиберди. Сот чекитти койсун. Күнөөлүүлөр жазасын алсын, күнөөсүздөр акталып чыгышсын. Биз соттун ишине кийлигишпейбиз. Биз кийлигишпеген үчүн кечээки иштери боюнча акталышты.

Ал эми "Атамбаевди бошотуп ийбейсизби" деген сурооңуз боюнча, сот иштери бүткүчө мен кийлигише албайм. Азыр чыгарып жиберүүгө укугум да жок. Кой-Таш окуясы боюнча сот иши бүткөндөн кийин гана менин чечим чыгарууга укугум пайда болот. Кечээ жакында Рустам балам "ата, Алмазбек Атамбаевдин балдарын кабыл алып коюнузчу, суранып атышат. Биз деле Атамбаевге кире албай канча чуркаганбыз. Биз алардын катасын кайталабай эле коелучу" деп, Атамбаевдин балдарын ээрчитип келиптир. "Аа балам, сен да менден бетер боорукер экенсиң да" деп ичимден күлүп койдум. Балдарын кабыл алдым. Түшүндүрдүм. “Сот иштери бүтсүн, андан кийин менин укугум” дедим.

Биз мамлекет катары мыйзамдардын ар бир беренесин сыйлашыбыз керек.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком