04:53, 25-сентябрь, 2022

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 1-орундан жылган жок

На русском
11:10, 23-сентябрь, 2022 659

АКИpress -  Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдеги 1-орунду сактап калды. Күрөш боюнча дүйнө чемпиондугундагы жыйынтык менен жаңы рейтинг түзүлгөн.

Сербияда өткөн чемпионаттын жыйынтыгы менен А.Тыныбекова 5-орунду ээлеп, 25000 упай топтогон. Анын упайларынын жалпы саны 119400 болду. Муну мнен көрүнүктүү айырма мнен дүйнөлүк рейтингдин баш сабында турат.

  • Дүйнөлүк рейтингде алдыңкы 3 орунду ээлеген балбандар акчалай сыйлык менен сыйланат. 2021-жылы 1-2-3-орунга чыккан балбандарга 10000-7000 жана 3000 доллар акчалай байге тапшырылган болчу.

Дүйнөлүк рейтинг (62 кг чейин):

1. Айсулуу Тыныбекова — 119400

2. Кайла Миракл (АКШ) — 88200

3. Нонока Озаки (Япония) — 86000

4. Илона Прокопевнюк (Украина) — 68900

5. Лаис Нунес (Бразилия) — 66600

6. Анна Паула Гонзалез (Канада) — 56640

7. Тайбе Мустафа (Болгария) — 52300

8. Юкако Каваи (Япония) — 51000

9. Ирина Коляденко (Украина) — 42200

10. Гантуя Энкхбат (Моңголия) — 36200.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком