03:51, 25-сентябрь, 2022

«Аягы көрүнбөйт»: Россиядан Казакстанга качкандар көп болууда. Видео

На русском
15:01, 22-сентябрь, 2022 1431

АКИpress -  Орусияда жарым-жартылай мобилизациялоо жарыялангандан кийин Россия менен Казакстандын чек арасында кезек күткөндөр көбөйдү. Социалдык тармактын колдонуучулары Россия менен Казакстандын чек арасындагы узун унаа тыгындарын жарыялап жатышат.

Ошондой эле кечээ, 21-сентябрда Россияда жакынкы күндөрдөгү бардык авиабилеттер бир нече сааттын ичинде сатылганы кабарланды. Андан тышкары суроо-талап көп болгонуна байланыштуу авиабилеттердин баасы дароо көтөрүлгөн.

«Уральская неделя» маалымат каражаты билдиргендей, бул видео түндө Батыш Казакстан облусундагы «Маштаково—Сырым» чек ара пунктунда тартылган.

Батыш Казакстан облусундагы башка чек ара пунктунда, Россиянын Саратов облусундагы Озинки айылына жакын жерде унаалардын узуну кезеги жаралган. Видеонун автору 10 сааттан бери кыймылсыз кезек күтүп жатканын айтты.

Ошондой эле Костанай облусундагы «Наша газета» маалымат каражаты да чек арадагы унаалардын тыгыны тартылган видео жарыялады. Видеонун автору казак чек арасына жакын жайгашкан Троицк шаарында экенин билдирген.

@ng.kz Очередь на границе в Казахстан. Кто сейчас на границе? Делитесь новостями. #нашагазетакостанай #костанай #kostanay #новостикостанай #казахстан #kazakhstan #городкостанай #дорогиказахстана #границаказахстанроссия #границаказахстана #троицк #кайрак #бугристое ♬ оригинальный звук - Наша Газета, новости Костанай

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком