03:54, 25-сентябрь, 2022

Россияда мобилизациялоого каршы митингдер өтүүдө

На русском
09:16, 22-сентябрь, 2022 443

АКИpress -  Кечээ, 21-сентябрда Россиянын шаарларында жарым-жартылай мобилизациялоого каршы митингдер өттү. Сибирь жана Алыскы Чыгыштагы адамдар камакка алынуудан коркуп, лозунг жана плакат колдонушкан жок, деп билдирди «Медиазона».

Екатеринбургда 60 адам кармалды, дейт «66.RU». Ал жакта полиция кызматкерлери чогулгандарга тарап кетүүгө 30 секунд берген.

Ошондой эле «ОВД-Инфо» укук коргоо долбоору Россиянын 8 шаарында 66 адам кармалганын жазды.

Андан тышкары митингдер Москва, Улан-Удэ, Железногорск, Новосибирск, Иркутск, Красноярск жана Томскто өттү. Томскто 35 адамды кармап кетишкени айтылды.

Ошол эле учурда Москванын прокуратурасы уруксат берилбеген митингдерге катышкан, социалдык тармак, интернет аркылуу митингге чыгуу жөнүндө маалымат тараткан жарандарга жаза каралганын эскертти.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком