Ысык-Көлгө чөгүп кетти делген спортчу жээкке өзү сүзүп чыкты
На русском
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сүрөтү
АКИpress - Ысык-Көлгө чөгүп кетти делген спортчу аман-эсен табылды.
Бүгүн, 6-августта саат 13:00 чамасында 15 спортчу Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына чейин сүзүп барууну көздөгөн. Бирок спортчулар сүзүп бара жаткан учурда көлдүн ортосунда чоң толкун болуп, 1 спортчу дайынсыз жоголгон.
Издөө иштерине 8 куткаруучу тартылган.
Саат 16:30 чамасында изделип жаткан спортчу — 1974-жылы туулган Е.И.В Тору-Айгыр айылындагы жээкке өзү аман-эсен сүзүп келген.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком