08:08, 8-август, 2022

Ысык-Көлдүн чок ортосунда сүзүп бараткан спортчу дайынсыз жоголду

На русском
16:08, 6-август, 2022 1919

АКИpress -  Ысык-Көлдүн бир жээгинен экинчи жээгине чаба куруп өтүүнү каалаган спортчу дайынсыз болууда.

Бүгүн, 6-августта саат 13:00 чамасында 15 спортчу Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына чейин сүзүп барууну көздөгөн. Бирок спортчулар сүзүп бара жаткан учурда көлдүн ортосунда чоң толкун болуп, 1 спортчу дайынсыз жоголду.

Издөө иштерине 8 куткаруучу тартылды. Учурда спортчунун аты-жөнү такталууда.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком