Исламиадага бара турган кыргыз дзюдочулары белгилүү болду
На русском
АКИpress - Ислам тилектештик оюндарына бара турган кыргыз дзюдочулары белгилүү болду.
Оюндар Түркиянын Конья шаарында өтөт. Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасына 12 спортчу жана 3 машыктыруучу кирди. Алар:
Мырзалар:
- 60 кг — Равшанбек Асанов,
- 66 кг — Кубанычбек Айбек уулу,
- 73 кг — Чыңгызхан Сагыналиев,
- 81 кг — Асад Масабиров,
- 90 кг — Эрлан Шеров,
- 100 кг — Алманбет Мамазаиров,
- Башкы машыктыруучу — Абдужалил Юнусов,
- Улук машыктыруучу — Ислам Баялинов,
Кыз-келиндер:
- 52 кг — Жолдошева Жанар,
- 57 кг — Көчкөмбаева Адина,
- 63 кг — Исаева Ажар,
- 78 кг — Нармухамедова Шахида,
- 78 килограммдан жогору — Халмурзаева Динара,
- Кадырова Зирегүл,
- Улук машыктыруучу — Аматов Савуржан.
Дзюдо боюнча беттештер 15-16-17-августта өтөт.
2017-жылы Азербайжандын Баку шаарында өткөн Исламиадада кыргыз дзюдочулары 4 медаль уткан. Тактап айтканда, Юрий Краковецкий алтын, Отар Бестаев, Бектур Рысмамбетов жана Владимир Золоев коло медаль жеңишкен.