Прокуратура Ысык-Ата РИИБдин дагы бир кызматкерин камакка алды
На русском
Иллюстрациялык сүрөт
АКИpress - Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн дагы бир кызматкери кармалды. Бул тууралуу «АКИpress» агенттигине булактары билдирди.
Алдын ала маалыматка караганда, Ысык-Ата РИИБдин ыкчам кызматкери камакка алынды. Ага чейин Ысык-Ата РИИБдин жетекчисинин мурдагы орун басары, Ысык-Ата РИИБдин тергөөчүсү жана эксперт кармалган болчу. Алар бир нече жыл мурун болгон адам өлтүрүү кылмышын өзүн-өзү өлтүрүү катары катташкан деп айыпталууда.
Иликтөөнү Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком