Кыргызстандын көчө баскетболу боюнча курама командасы Исламиадага катышат
На русском
Иллюстрациялык сүрөт
АКИpress - Кыргызстандын стритбол же көчө баскетболу (3х3) боюнча курама командасы Ислам тилектештик оюндарына катышат.
Исламиада Түркиянын Конья шаарында өтөт.
Кыргызстандын көчө баскетболу боюнча курама командасына 8 спортчу жана 1 машыктыруучу кирди. Алар:
Мырзалар: Жаныш Адиев, Нуртай Субанбеков, Нурбек Айданбек уулу, Жантай Бейшеев;
Кыз-келиндер: Феруза Кочкорова, Екатерина Дьякова, Ангелина Миндалина, Айтурган Ысакова;
Машыктуруучу — Хусанжан Жаров.
Көчө баскетболу боюнча беттештер 13-августтан 17-августка чейин өтөт.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком