08:07, 8-август, 2022

Садыр Жапаров Ысык-Көлгө 3, Жалал-Абадга 1 судья дайындады

На русском
10:44, 6-август, 2022 770

АКИpress -  Президент Садыр Жапаровго Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы жергиликтүү соттордогу бош кызматтарга талапкерлер сунушталды.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген кошумча материалдарды эске алуу менен мамлекет башчысы 4 талапкерди судьялык кызматка дайындады.

Тактап айтканда, Жалал-Абад облустук сотуна Мусурманкулов Бекмухаммет Лутуббилаханович, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна Каипова Нурила Кочкоровна жана Эралиев Таалайбек Каскаевич, Жети-Өгүз райондук сотуна Асаналиев Нуркалый Жумабекович дайындалды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком