Садыр Жапаров Ысык-Көлгө 3, Жалал-Абадга 1 судья дайындады
На русском
Иллюстрациялык сүрөт
АКИpress - Президент Садыр Жапаровго Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы жергиликтүү соттордогу бош кызматтарга талапкерлер сунушталды.
Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген кошумча материалдарды эске алуу менен мамлекет башчысы 4 талапкерди судьялык кызматка дайындады.
Тактап айтканда, Жалал-Абад облустук сотуна Мусурманкулов Бекмухаммет Лутуббилаханович, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна Каипова Нурила Кочкоровна жана Эралиев Таалайбек Каскаевич, Жети-Өгүз райондук сотуна Асаналиев Нуркалый Жумабекович дайындалды.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком