06:54, 8-август, 2022

Боомдо кайрадан сел жүрүп, жол жабылды

На русском
16:56, 5-август, 2022 2935

АКИpress -  Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун 136-чакырымында сел жүрдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББ билдирди.

Ошондой эле ОИИББ айдоочуларды Боом капчыгайы аркылуу жолго чыкпай турууга чакырды.

Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жер көчкү жүрүп, жол жабылганын билдирди.

Учурда жол тазаланып жатат, бирок жер көчкүнүн көлөмү көп болгондугуна байланыштуу унаа кыймылын жандандырууга мүмкүнчүлүк болбой жатат.

Өткөн жумада Боом капчыгайындагы 135-чакырымда, башкача айтканда Кыз-Күйөө айылында сел жүргөн болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком