Өзбекстанда конокко барган өспүрүм аталаш тууганын атып өлтүрдү
На русском
АКИpress - Өзбекстанда аталаш балдар үйүнөн пневматикалык тапанча алып чыгып, кырсыкка кабылды. Мергенчиликтин аягы биринин өлүмү менен аяктаганын Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы журналисттерге билдирген.
Паркент районунда жашаган 14 жаштагы өспүрүм бала 2-августта аталаш агасынын үйүнө конокко барган. Үйдөн 2 өспүрүм бала пневматикалык тапанчаны уруксаты жок алып чыгышкан. Тапанча конок өспүрүмдүн агасына — маркумдун атасына тиешелүү болчу.
Куштарга аңчылык кылып жүргөндө 14 жаштагы бала 15 жаштагы агасына кокустуктан ок чыгарып, ал ошол жерде каза тапкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком