18:03, 28-март, 2024

Таттыбүбүнү сагынуу... Агасы Нуркан Турсунбаев менен жаңы маек

09:00, 11-сентябрь, 2022 5937

АКИpress -  Кыргыз эл артисти Нуркан Турсунбаев — миңден ашуун обондун автору, кино жана театрда өзгөчө образдардын жаратуучусу. Ал өмүрлүк жубайы Жыпаргүл Турсунбаева менен бирге «Баракелденин» редакциясында чыгармачылыгы, үй-бүлөсү, бир тууган карындашы Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу маек куруп берди.

- Учурда эмне менен алектенип жатасыз?

- Эс алуудан кайттык. Учурда Бишкекте эле чыгармачылык менен алек болуудамын. Азыр Кыргыз драма театрында жаштар менен иштеп жатам. Жаштар менен иштеген абдан жагат. Алар мага дем берет.

- Жубайыңыз менен кантип таанышып калдыңыз эле? Канча уул-кызды тарбияладыңыздар?

- Менин турмушумдагы чоң бурулуш 1986-жылдын башында башталган. Таттыбүбү каза болгондон кийин туура 5 жыл өткөн. Мурда эле жан дүйнөмдө жалгыздык бекем орун алып келсе, Таттыбүбү карындашымдын көзү өткөндөн кийин 5 жыл жан дүйнөмдө таптакыр аңгыраган боштук өкүм сүрүп, көкүрөк толо ыза калган. Түбү көрүнбөгөн көп чекиттүү туңгуюк эле.

Театрдан тышкаркы учурда кошумча башка жактарда да иштечүмүн. Мисалы жогорку, атайын кесиптик окуу жайлардагы өздүк-көркөм чыгармачылык ийримдерде көп жылдар жетекчи болуп иштеп калдым. Эжеңерге (жубайы) медицина институтунда өздүк көркөм чыгармачылык ийримдин жетекчиси болуп иштеп жүргөндө жолуккам. Анда «Студенттик жаз» фестивалына катуу даярдык көрүп жаткан учурубуз. Ал убакта комсомол деген бар. Ырга, бийге шыктуу студенттерди аталган фестивалга окуу жайдын намысы үчүн катыштырышчу эле. Жыпаркүл (жубайы) ырчылык боюнча катышып калды. Экөөбүз ошондо таанышып калдык. Ошентип, Жыпаркүл экөөбүздүн мамилебиз улуу махабатка айланды. Турмушумдагы эң алгачкы чыныгы махабатыма 45 жашымда жолуктум. Анда Жыпаркүл болгону 20 жашта. Таанышканыбызга 8 жыл болгондон кийин баш коштук. Жубайым — Канттын кызы.

Таттыбүбү театрда иштеп жүргөндө ар ай сайын, кээде жума сайын мугалимдер окуучуларды Кыргыз драма театрына алып келер эле. Ошондо Жыпара Таттыбүбү катышкан бардык спектаклдерди көрүп, театр дүйнөсү менен тааныш болуп чоңоюптур. Бала кезден менин «Энеме» деген ырымды ырдап жүрчү экен. Дагы бир дал келүү — биз Ташкентте окудук эле, эжеңер да кыйла жыл кийин болсо да биринчи курста Ташкентте окуптур.

Экөөбүз баш кошуп, бир үйдөн түтун булатып жашап калганыбызга чейрек кылымдан ашуун убакыт болду. Эки кызыбыз бар. Экөө тең жогорку билимдүү, үйлүү-жайлуу, бала-бакыралуу.

Таттыбүбүнүн да, менин да бак-таалайыбызга Жыпаркүлүм бар экен. Чыгармачылыгыбыздын жоопкерчилигин, түйшүгүбүздү бүт өз мойнуна алып, утуру бир долбоорлорду иш жүзүнө ашырып келет.

- Балалыгыңыздын таттуу күндөрүн бир эстесек… Ата-тегиңиз, бир туугандарыңыз тууралуу кеп салсаңыз.

- Талант деген биринчи ата-тектен, анан туулган жерден өтөт экен. Апам Калыйбүбү экөөбүздүн туулган күнүбүз — 15-июль, Таттыбүбүм менен инимдин туулган күнү 12-июль эле. Туулган күнүбүздү чогуу өткөрчү элек.

Чоң атам Турсунбай өрөөнгө таанымал комузчу, дастанчы, куудул адам болгон.

Чоң энем Жыргал мыкты кошокчу, ишбилги, элге алынган адам болгон экен.

Атам Мурсалы — мыкты комузчу, дастанчы, Токтогул Сатылгановдун эң кенже окуучусу. 1939-жылы Москвадагы декадада Атай Огомбаев, Шекербек Шеркулов менен Кремлде комуз черткен адам.

Апам Калыйбүбү колунан көөрү төгүлгөн уз-чебер адам эле.

Биз 5 бир тууган элек. Улуу агам сатирик-акын, мыкты музыкант, спортсмен, журналист болгон. Андан кийинки байкем атамды басып кеткен комузчулардын бири болду. Андан кийин мен, менден кийин Таттыбүбү эжеңер. Андан кийинки иним — сүрөтчү, скульптор болду.

Жумгал жергесин таланттардын бешиги дейт. Анткени, бул жерден Куйручук атабыз, Калык Акиев, Мыскал Өмүрканова, Муратбек Рыскулов, Бүбүсара Бейшеналиева, Мидин Алыбаев ж.б. чыгаан инсандар чыккан. Азыр да куру эмес. Бир бактым — ошол кишилер менен чогуу иштешип калганымда.

Таттыбүбү менден 4 жаш кичүү. Анын туулган күнү дагы деле эсимде. 1944-жылы 12-июлда эртең менен эрте күн чыгып келе жатканда төрөлгөн. Биз эшикте ойноп жатканда Жумакан аттуу чоң энебиз сүйүнчүлөп, бизди сары май менен оозандырган эле. Атын чоң атам Турсунбай эркек бир туугандардын ортосундагы таттуу кыз болсун деп, Таттыбүбү койгон.

- Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп жатат?

- Быйылкы жыл мен үчүн ийгиликтүү жылдардын бири. М.Ауэзовдун «Эңлик-Кебек» трагедиясы менин 80 жылдык мааракеме арналып коюлду. Ал спектаклде башкы каармандардын бири Авыз олуянын ролунда ойнодум.

Мындан тышкары, Ж.Садыковдун «Манастын уулу Семетей» пьесасынын негизинде коюлган «Төлгө» аттуу спектаклде Бакай олуянын ролун аткардым.

Быйылкы жылдын эсебинен француз жазуучусу Патрик Бессондун «Түнкү маек» аттуу 2 кишилик пьесасын сахналаштырсам деп тилек кылып турган чагым. Ал пьеса боюнча башкы каарман Морис летчикти ойноого даярданып жаткан учурум.

Азыр деле байбичем менен жөн отурган жокмун. Долбоорлорубуз көп. «Түрксой» эл аралык уюмунун алкагында Муктар Ауэзовдун 125 жылдыгына карата «Эңлик-Кебек» спектаклин Казакстандын 4 шаарында коюуга жана Түркия мамлекетинде өтө турган турнеге даярданып жатабыз.

- «Алтынчы күнү кечинде», «Ай баратат» ырларын билбеген угарман жок болсо керек. Бул обондор кантип жаралып калды?

- Биз Ташкентте окуп жатканда — 1961-жылы 12-июлда Таттыбүбүнүн туулган күнү болчу. Ошондо түндө ойгонсом ай ушунчалык жапжарык болуп тийип туруптур. Анан акын Абдылда Белековдун гезитке чыккан «Ай баратат» деген ыры жанымда жүргөн эле. Эсиме түшүп кетип, комузумду колума алып, түн ичинде обонун Таттыбүбүнүн туулган күнүнө арнап чыгаргам. Эртеси ырдап берсем, сүйүнүчүндө чек жок болгон. Таттыкем чыгарган обондорумду бир заматта жаттап алып, эң биринчи аткаруучум болоор эле. «Ай баратат» — Таттыбүбүнүн түбөлүк гимни.

«Алтынчы күнү кечиндени» Чаектен 1960-жылы чыгаргам. Чаектин агын суусунун жанында көк таш бар эле. Аккордеонумду алып, эртең менен эрте барып, ошол жерден чыгаргам. Бул ырды чоң масштабда аткарып чыккан Болот Миңжылкиев болду. 1975-жылы бул ырды ырдап, Чехославакиянын Прага шаарында бүткүл дүйнөлүк ырчылардын сынагында баш байгени жеңип алган. Азыркы учурда «Алтынчы күнү кечинде» бас жана баритондун репертуарында такай аткарылып келет.

- Жан дүйнөңүзгө театр жакынбы же музыкабы?

- 3 жашымдан баштап комузда үйрөнүп, ыр ырдап баштагам. Ондон ашык киного тартылдым. Жүздөн ашык улуттук классикадан баштап дүйнөлүк классикадагы спектаклдерде ар кыл каармандын образдарын жараттым. Композитор катары миңге чукул обондуу ырларды чыгардым. Бир күндө отуруп, 4-5 обон чыгарып калган учурлар болот. Анткени, жакшы текст ар дайым обон чакырып турат. Текстти мага эжең (жубайы) даярдап берет. Жазып, алдыма жайып коет. Аны изилдеп отуруп, жакканына обон чыгарам. Азыр жан дүйнөмө обон чыгаруу жакын.

Мен чыгармачылыкта тазалыкты баалайм, жөнөкөйлүктү жактырам. Турмушта атак-даңк кууганды жактыра бербейм.

- Быйыл Таттыбүбү Турсунбаеванын 78 жылдыгын белгиледик. Карындашыңыздын эл билбеген таланттарын айтып берсеңиз. Кантип искусствого аралашып калдыңыздар?

- Мен 14 аспапты чертем. Ал убакта пианинодон башка аспаптардын баары үйдө бар эле. Байкемдер достору менен өздөрүнчө үйрөнүшүп, бизди бузуп коет дейби, айтор үйрөтчү эмес. Анан Таттыбүбү экөөбүз байкемдер кеткенден кийин алар кылын жандырып кеткен мандолинаны (музыкалык аспап) кайра бурап, чертип, үйрөнүп алып кайра ордуна коюп койчубуз. Таттыбүбүнүн эске тутуусу, зээндүүлүгү укмуш күчтүү эле. Биздин убакта айылыбызга Индиянын фильмдери келген убак. Киного кирип, кайра чыккыча, фильмдеги ырларды сөзү менен жаттап алып, ырдап чыкчу. Мен таң калчумун. Кинодо да, фильмдердин дубляжына барганда да, дал ошондой болчу. Бир барактагы текстти бир окуп туруп, жаттап алар эле.

Андан сырткары, мыкты спортчу болчу. Волейбол, баскетбол ойноп, узундукка, бийиктикке секирчү. Кичинесинде оюнкараак, эч нерседен тайманбаган, бетке чапма, дайыма жадырап-жайнап жүргөн кыз эле.

Таттыбүбү там-туң баскандан баштап, көзү өткүчө чогуу болдук. Карындашым катары менин тарбиямда болду. Татыкем 10-класста окуп жатканда мен Жумгалда маданият бөлүмүндө иштеп калдым. 1959-жылы Жумгалда республикалык маданият ишмерлеринин семинары өткөн. Ошондо бул семинарга Борбордук комитеттин агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы Күлипа Кондучалова, ошол кездеги маданият министри Абдыкайыр Казакбаев келген. Таттыбүбү кытайлык кыргыздардын «Гүлкайыр» деген ырын, мен Болот Абылгазиевдин «Сонун да» деген ырын ырдап, Моквадагы Чайковский атындагы консерваторияга жолдомо алганбыз. Мен композитордук, Таттыбүбү вокалдык бөлүмгө барышыбыз керек эле.

1960-жылы биз Фрунзеге республикалык өздүк-көркөм чыгармачылык кароого катышып, келип калдык. Тянь-Шань облусу боюнча кароого 100дөн ашык киши келди. Ошондо Жумгалдан 30дай киши катышканбыз. Республикалык кароодон Таттыбүбү кайра эле «Гүлкайыр» деген ыры, мен «Сонун да» менен биринчиликти алдык. Менин «Сен партия» аттуу Абдылда Белековдун сөзүнөн жаралган чыгармам 100 кишинин аткаруусунда кароодо лауреат болду. Андан сырткары, досум экөөбүз Райкан Шүкүрбековдун сатирасын ойноп, биринчиликти алдык.

1960-жыл бизди бир татынакай ак жолго салган жыл болду. Ошол жылы Таттыбүбү үчүн атайын «Салиманын ыры» деген кыска метраждуу фильмдин сценарийи жазылып, тартылды. Анда ал 16 жашка толо элек кези эле. Башкы ролду Таттыбүбү ойногон. Биз ошол фильмге Кара-Балта шаарында тартылып жатканда Ташкенттен А.Н.Островский атындагы көркөм театралдык институттан мугалимдер келиптир.

«Эки бир тууган бар деп уктук. Силер Ташкенттеги театралдык институтка өтүшүңөр керек», - дешти.

Биз адегенде болбой койдук.

«Биз Москвадагы Чайковский атындагы консерваторияга жолдомо алганбыз. Кино бүтөрү менен кетебиз», - дедик.

Бирок алар сөзгө тартып, жок дегенде сынак берип көргүлөчү деди. Ошондо 300дөй бала экзамен берип жаткан экен. Таттыбүбү экөөбүз тең экзамен берип өтүп кеттик. Өткөндөн кийин Ташкентке кеткенге туура келди. Ошондо бир нерсени сыр кылып сактадык. Ата-энебизге Фрунзеге кеттик деп, бирок Ташкентке кеттик. Бир жылга чейин айткан жокпуз. Себеби, ал убакта «карындашы менен агасы артист болуптур» деген сөз өөн учурамак. Уят катары көрүлчү. Бир жылдан кийин айттык. Айла жоктон кабыл алышты. Ошентип 5 жыл окудук.

Татыкем Ташкентте окуп жүргөндө эле айтылуу «Булбул» деген татаал ырды ырдачу. Ал учурда Таттыбүбүнү көптөгөн мамлекеттик концерттерге чакыртып ырдатып турушчу. Андан сырткары, СССРдин Эл артисти, дүйнөгө белгилүү Тамара Ханум деген бийчи эжебиз бар болчу. Ошонун кол алдында тарбияланып, «Бахор» деген ыр-бий ансамблинде Таттыбүбү солист болуп бийлечү. 1966-жылы окууну ийгиликтүү аяктап келип, Кыргыз драма театрына ишке орноштук.

- Таттыбүбү эже кайсы окуяга чекеси жарыла сүйүндү эле? Кайгырган же абдан сүйүнгөн учурлары жакын адамы катары эсиңизде болсо керек.

- Бир күнү Таттыбүбү телефон чалып: «Нукен, келип кетчи», - деп өтүнүп калды. Үйүнө барсам, үстөлдү жайнатып коюптур, тамак-ашы даяр. Бир убакта карасам тамеки тартып атыптыр. Менин көзүмчө өмүрүндө тамеки тартчу эмес. Анан түшүнбөй калып: «Танечка, эмне болду?» - деп сурадым. «Нукен, театрда иштегениме 15 жыл болду. Ушул 15 жылдын ичинде биринчи жолу женсоветке түшкөн жокмун. Ошонун урматына ушул шампанды ичеличи», - деди.

Ошол күнү бир топко маектешип отуруп, анан үйүмө кайткан элем. Мына, Таттыбүбүгө болушунча бут тосуп, 15 жыл бою женсоветке эч бир себепсиз эле сала беришкен. Жадакалса «үйүңдө таракан» бар деген шылтоо менен да, балакет баскан женсоветине сала берип, моралдык сокку жасап турушкан. Театрдын жанындагы Таттыбүбү гүлбакчасындагы эстелигинин жанында көрсөтүлгөн кысымга чыдабай кеткенде чыгып отуруп, канчалаган ролдоруна даярданган скамейкасы ушул күндө да сакталуу. Бул тарыхый скверге 2001-жылы аты ыйгарылып, «Татыбүбү гүлбакчасы» деп аталды.

1964-жылы «Жоро» фильминде көчкүдө калып, 3 омурткама доо кетип, кан басымым көтөрүлгөн өнөкөт дартка дуушар болуп калдым. Кийин ден соолугума байланыштуу бийик тоолуу Нарын жергесиндеги Нарын облустук музыкалык драма театрына которулуп кеткен элем. Таттыбүбүгө душмандык кылгандар менин жогумдан пайдаланып, 5 жыл аралыгында болушунча «жаманатты» кылышкан экен. 1981-жылы 30-апрелде 1-Май парадына даярдыкка барып келгенден кийин мени театрдан ээрчитип чыгып, жогоруда мен атап өткөн театрдын бет маңдайындагы гүлбакчадагы отургучка ээрчитип келип: «Мени сен жокто тетигилерден (театрдын алдында топтошуп турган жоон топ актрисаларды көрсөтүп) сактап келген скамейка ушул», - деп, ызасын чыгара буркурап ыйлап, өткөн-кеткендерден маек куруп отуруп, үй-үйүбүзгө тараган элек.

Ошол жылдын башында апакебиз Калыйбүбүдөн айрылдык. Ал да кошул-ташыл болду окшойт. Андан көп өтпөй эле ошол жылдын аягында — 1981-жылдын 21-декабрында Таттыкем мезгилсиз дүйнө салды. Ошентип, бир жылда Таттыбүбүдөн да, апамдан да айрылдым.

Көп нерселер өттү. Кээ бир актер, актрисалар бир жылда бирден башкы ролду ойносо, Таттыбүбү 15 жылда ондон ашык башкы ролду кинодо ойноду, отуздан ашык башкы ролду театрда жаратты. Ошого кантип жетишти деп азыр да таң калам. Таттыбүбү ар бир ролун ийинине жеткире аткарып, бат эле элдин сүймөнчүлүгүнө айланды. Учурунда, ал убактагы Фрунзе шаарына келген кары-жашы дебей, биздин театрга келип, оюн көрмөй өзүнчө салт болуп калган. Ошондо Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева, Муратбек Рыскулов — үчөөнү көргөнү эл агылып келээр эле. Аншлаг. Билет жетпей калган учурлар болду. Кыйышпас бир тааныштар келип калса, өзүбүз эптеп оюнга киргизер элек.

Дагы бир кызыктуу маалымат, биз институтту бүтүп келгенде дипломдук спектаклибиз Чынгыз Айтматовдун чыгармалары менен башталган. Таттыбүбү «Кызыл жоолук жалжалымда» Аселди ойногон. Кийин кызынын атын Асел деп ошол каарманынан койгон. Мен «Жамийлада» Даниярды ойноп келгем. Мен уулумдун атын Данияр деп койгом. Чыгармачылыгыбыз Чынгыз Айтматовдун чыгармаларына көп байланышы бар. Ага арнап дастан да жазгам.

- Көрө албастар, бут тосуулар көп болуптур. Аларга кантип туруштук берди?

- Аябай эрктүү, өзүн колго алган кыз эле. Таттыбүбүнүн театрдагы устаты — Бакен Кыдыкеева. Актрисалардан жалгыз гана ошол киши өз кызындай мамиле кылар эле. Таттыбүбү театрда, кинодо иш менен такай алек болгондуктан, ар кандай ушактарга маани бербегенге аракет кылчу. Көрсө да көрмөксөн болуп, күлүп-жайнап тим болчу. Душмандарына да жакшы мамиле кылган адам эле.

- Эженин уулу да, кызы да чыгармачылыктан алыс болушту окшойт. Азыр алар кайда, катташып турасыздарбы?

- Баарыңар билгендей, жолдошу Имаш Эшимбеков менен окуу жайдан таанышышты. Баш кошуп, Асел деген кыздуу, Канат деген уулдуу болду. Аселин апам 7 жашка чейин чоңойтуп берди. Асел Ленинграддагы театралдык институтту бүткөн. Үй-бүлөсүнө байланыштуу театрды да, кинону да таштады. Бирок менин эмгегим талаага кетип калды. Себеби, институтка өтүүгө жардам берип, кийин 5 жыл бою материалдык колдоо көрсөтүп, өзүм окуттум эле. Таттыбүбүнүн кызы деп, энесинин жолун жолдосо деген тилегим бар эле. Болор иш болду, эң башкысы балдары менен аман болсун.

Нуркан Турсунбаевдин жубайы: «Таттыбүбү каза болгондо балдары кичине болгонун билесиздер. Эне тарбиясын көрбөй калгандык балдарга акыры терс таасирин тийгизбей койбойт экен. Мындай балдар мерез, таш боор болуп калабы, айтор билбейм... Менин байкашымда, Асел деле, Канат деле мүнөзү боюнча апасын тарткан. Бирок «айтылбай турган сөз эле» деген бар..., бир нерсеге катуу нааразымын. Нуркан агайыңар балдарына залакасын тийгизбейин деп, ыйык бир туугандык парзын чын дилден, 40 жылдан ашуун убакыттан бери аткарып келет. Кандай гана долбоорлорду ишке ашырып, Таттыбүбү эжеңердин бүт чачпагын көтөрүп, бар күчүн жумшап келет. Ушундан улам, эл ичинде бекеринен айтылбаган чыгар: «Бир тууган болор, бирок, Нурканчалык бир тууган болбос», – делип. Колумдан келишинче бутуна-бут, колуна-кол болгонго бар күчүмдү жумшап, Нуркан байкеңердин жанындамын.

Канткен менен, жакшыдан калган туяктар эмеспи, аман болушсун.

- Таттыбүбү Турсунбаеванын сырдуу өлүмү кыргыз элине дагы деле табышмак. Андан бери ачыкка чыккан жаңы учурлар болдубу?

- Нуркан Турсунбаевдин жубайы: 1994-жылы агайыңар репетицияда жүргөндө бир аял театрдын вахтасына чалып, чакыртып сүйлөшүп, жолугушууну ниет кылып айткан экен. Нуркан байкеңер үйгө телефон чалып, чакырганынан улам театрга бара калдым. Ал аял театрга келиптир. Көрсө ал Таттыбүбү көз жумаардын алдында чогуу бир палатада жаткан аял экен.

«Ушул убакка чейин сыр кылган элем. Нуркан кайсы учур болбосун телевизорго чыкканда эле көзүнүн жашы көл талаа болуп, карындашын жоктогонун көрүп калганда зээним гана кейип турат. Болгон чындыкты, бир бутум көр таяп турганда, өзүм менен о дүйнөгө ала кетпей, айтып коеюн деп балдарымдан суранып, театрга келдим», - деди.

Анан бизге көргөн-билгендеринин баарын төкпөй-чачпай айтып берди. Анын айтымында, Таттыбүбүнү ооруканада өзү менен эле чогуу иштешип, жанында жүргөн эле кесиптештери ууландырып койгон. Коркуп, эч кимге айтпай жүрүптүр. Жалпылап айтканда, Таттыбүбүнүн өлүмү пландалган чоң сценарий менен жасалганы маалым болду. Биз Таттыбүбүнүн өлүмү тууралуу толук маалыматты билебиз. Ошол эле учурда болоор иш болгон соң, боесу канган соң, Таттыбүбүнүн өлүмүнө себепкерлер, Таттыбүбүнүн күн санап өсүп турган зоболосун, сүймөнчүккө айланган кадыр–баркын көрүп, узак жашаса деген тилектебиз. Аларга андан өткөн жаза жок деп ойлойм.

- Таттыбүбүнүн жаңы бюсту боюнча пикириңиздер кандай?

- Абдан таланттуу кыз экен. Учурдан пайдаланып, ыраазычылык гана билдирем. Таттыбүбүнүн бюстун жасаган кызга (автору Тамила Маматова) абдан ыраазы болдук. Ага эч ким деле буюртма берген эмес. Чын дили менен жасап, абдан жакшы окшоштурду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком