09:59, 13-март, 2026

«Улуу Көчмөндөр Мурасы» компаниясынын президенти Теңиз Бөлтүрүк ӨКМдин медалы менен сыйланды

На русском
14:58, 1-июль, 2022 368

АКИpress - Бүгүн, 1-июлда «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын президенти Теңиз Бөлтүрүк Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн» медалы менен салтанаттуу түрдө сыйланды. Бул ардактуу артыкчылык белгини өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өзү тапшырды.

Ал Теңиз Бөлтүрүккө тышкы башкаруучусу «Улуу Көчмөндөр Мурасы» болгон «Кумтөр» компаниясынын өзгөчө кырдаалдарда калкты жана аймактарды коргоо багытында көрсөткөн жардамы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине коюлган тапшырмалардын ишке ашуусуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. «Кумтөр Голд Компани» ишканасында кызматкерлердин жана өндүрүштүк объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча пландалып максаттуу жүргүзүлүп жаткан иштер тобокел кырдаалдардын пайда болуусун азайтууга, адамдардын жашоосу менен ден соолугуна зыяндуу кесепетин жана айлана-чөйрөгө таасирин азайтууга өбөлгө түзүп, компаниянын туруктуу жана коопсуз ишмердүүлүгүн камсыздайт.

Өз кезегинде Теңиз Бөлтүрүк өзгөчө кырдаалдар министрин жана өлкөнүн баардык куткаруучуларын кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Куткаруучулар кызматынын күнү менен куттуктады.

«Биздин компания ар кандай кооптуу кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу, өндүрүштө коопсуздукту жана эмгекти коргоо системасын камсыздоого өзгөчө көңүл бурат. Бизде авариялык куткаруу түзүмү ийгиликтүү иштеп жатат, аны туруктуу аракеттеги кызмат статусуна өткөрөбүз. Кыйынчылыктар келип чыккан учурда, бардык жоопкерчиликти түшүнүү менен дароо жардамга келгенге дайым даярбыз. Адамдарды куткаруу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен кызматташууну мындан ары да бекемдөөнү улантабыз», - деп белгиледи Теңиз Бөлтүрүк.

Жакында эле «Кумтөрдүн» салымы менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз курортунан Көк-Жайык жайлоосуна кеткен унаа жолдогу Жети-Өгүз дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрө калыбына келтирилген. Көпүрө 14-июнда урап, анын кесепетинен бийик тоодогу Көк-Жайык жайлоосундагы 200гө жакын адам өтө албай калган. Учурда «Кумтөрдүн» катышуусунда ошол эле унаа жолдо Жети-Өгүз дарыясы аркылуу өткөн 15 метрлик дагы бир көпүрө курулуп жатат.

Компаниянын мурдагы жетекчилери кендеги өндүрүш процессине колдонулбаган 52 метрлик курама көпүрөнү темирге өткөрүүнү каалаган. 2021-жылдын майында КГКга убактылуу тышкы башкаруучу болуп келген Теңиз Бөлтүрүк аталган конструкцияны сактап коюп, ага муктаждык жаралган учурда орнотуу тапшырмасын берген. «Кумтөр» көпүрөнү бөлүктөргө бөлүп, өзгөчө кырдаалдар жаралган жерлердеги өтмөктөрдү калыбына келтирип жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»