15:21, 26-июнь, 2022

Чолпон-Атада ТүркПАнын жыйыны өтүп жатат

На русском
12:39, 24-июнь, 2022 150

АКИpress -  Бүгүн, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйыны башталды.

Алгач Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов сөз сүйлөп, ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстан тарапка өтүп жатканын белгиледи.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов: «Парламенттик ассамблея түзүлгөндөн бери көптөгөн долбоорлор ишке ашырылып келди. Мындан ары да тыгыз кызматташтык аркылуу боордош элдердин биримдигин арттыра беребиз деген ишеничтемин. Анткени, тарыхый байланышы терең, тектеш элдердин алакасын арттыруу учур талабы», - деди.

Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттер арасында саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык өнөктөштүктү өөрчүтүү зарылчылыгына токтолгон Талант Мамытов: «Калыптанган достук жана өз ара ишенимге негизделген бир туугандык мамилелер аркылуу алдыга койгон максаттарыбызга жетебиз деген үмүттөмүн», - деп кошумчалады.

Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова баяндама жасап, ТүркПАнын алдында чоң максаттар коюлганын айтып, боордош өлкөлөрдүн байланышын өнүктүрүүгө багытталган сунуштары менен бөлүштү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком