14:11, 26-июнь, 2022

Курсактагы майын алдырган аялдын өлүмү: Менчик клиника кимге катталган?

На русском
12:15, 24-июнь, 2022 569

АКИpress -  «Art clinic» менчик клиникасында липосакция (курсактагы майды хирургиялык жол менен алуу) боюнча операция жасаткан аял комага түшүп калган. Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган клиниканын лицензиясы бар экенин билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, клиника жеке ишкер Алиева Алина Абдрахмановага катталган.

Лицензия боюнча клиникада хирургиялык ооруларды дарылашат. Ошондой эле пластикалык операция жасашат.

Буга чейин «Art clinic» менчик клиникасынан Улуттук госпиталга оор абалдагы аял киши которулганы, ал 18-июнда эс-учуна келбей каза болгону белгилүү болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком