14:43, 26-июнь, 2022

Архивдеги сүрөт: Мозамбиктин президенти жана кыргыз чиновниктери

На русском
11:49, 24-июнь, 2022 266

АКИpress -  Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы архив кызматы Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтер архивинин фондунан алынган сүрөт менен бөлүштү.

Сүрөт Мозамбиктин президенти Самор Машелдин Кыргызстанга жасаган сапары учурунда тартылган. Анда Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагасы Султан Ибраимов, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Турдакун Усубалиев, Самор Машел жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы Арстанбек Дүйшеевди көрүүгө болот.

Сүрөт 1980-жылы Фрунзе шаарында тартылган.

  • Султан Ибраимов 1927-жылы 20-сентябрда туулган.

Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин секретары, Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун биринчи секретары, Кыргыз ССР Жогорку кеңешинин президиумунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы болгон. СССР Жогорку Советинин VIII-X-чакырылышынын депутаты.

Ал 1980-жылдын 4-декабрында Чолпон-Атадагы өкмөттүк резиденцияда башына эки жолу ок жеп каза болгон. Сөөгү Бишкекте коюлган.

  • Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында туулган. Ал өлкөнү 1961-жылдан 1985-жылга чейин жетектеген.

Т.Усубалиев жетектеген жылдары ондогон ири завод-фабрикалар, Нарын каскады – Токтогул, Үч-Коргон, Таш-Көмүр ГЭСтери жана башка маданий мааниге ээ имараттар курулган.

Т.Усубалиев СССР Жогорку Советинин VI-XI чакырылышынын депутаты (1962-1984), Кыргыз ССР Жогорку Советинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сегиз чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Төрт жолу Ленин ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери жана СССРдин жана башка өлкөлөрдүн көптөгөн медалдары менен сыйланган. Эгемендүүлүк жылдарында Россия Федерациясынын «Достук», I даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган жана «Ак-Шумкар» өзгөчө белгиси менен Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.

  • Самора Мойзес Машел 1933-жылы 29-сентябрда төрөлүп, 1986-жылы 19-октябрда көз жумган. Ал Мозамбиктин саясий ишмери, көз карандысыз мамлекеттин биринчи президенти, маршал болгон.

Машелдин өкмөтү жерди, дээрлик бардык соода жана өнөр жайды улутташтырган. Машел Туштук Африкадагы апартеид режимин жок кылуу учун күрөшкөн партизандарга базаларды жанан согуштук жардамдарды берген.

Чыңалуу күчөгөн маалда Машел Замбияга баргандан кийин учак кырсыгынан каза болгон.

  • Арстанбек Дүйшеев — кыргыздын мамлекеттик жана саясий ишмери. Ал 1932-жылы 16-сентябрда төрөлүп, 2003-жылы июнь айында каза болгон.

Кыргызстан министрлер кеңешинин (1981-жылдын январынан 1986-жылдын майына чейин), Кыргыз ССР Жогорку кеңешинин президиумунун төрагасы (1979-1981) болгон.

Кыргыз ССРнин IX-XI-чакырылыштагы депутаты болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком