Бишкекте мас кыз балконго асылып... Шаардыктардын тынчын алган окуя
На русском
АКИpress - Бишкек шаарынын Шевченко көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө 3-кабаттагы балкондон жаш кыз боюн таштоого аракет кылган. Окуя кечээ, 23-июнда болгон.
Тактап айтканда, эртең мененки саат 7:30 чамасында милицияга Шевченко көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 3-кабатындагы балкондо жаш кыз жерге секиргени жатат деген маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери окуя ижарага алынган батирде болгонун аныкташкан.
Текшерүү учурунда жаш кыз мас экени, ал саат 4:30да чыр чыгарганы, ага байланыштуу көп кабаттуу үйдүн жашоочулары милиция чакырышканы белгилүү болду.
Жаш кыз жана батирдеги 1992-жылы туулган А.Д. Ленин РИИБдин №1 шаардык милиция бөлүмчөсүнө жеткирилген. Көп кабаттуу үйдөгү тургундардын тынчын алган кыз өзүн тааныштыруудан баш тарткан. Ошондой эле мас болгонуна байланыштуу аны суракка алууга мүмкүн болгон эмес.
Териштирүү иши уланууда.