13:57, 26-июнь, 2022

Бишкекте кайрадан ККМге каршы митингге чыгышты

На русском
11:33, 24-июнь, 2022 178

АКИpress -  Бүгүн, 24-июнда Бишкектеги Горький сейил багында зер буюмдардын сатуучулары кассалык аппаратты колдонууга каршы митингге чыгышты. Митингчилердин бири Анара Аширбаеванын айтымында, алтын саткандар патент системасын калтырууну талап кылышууда.

«Республика боюнча 1,5 миңдей зергер бар. Биз буга чейин патентти 2800 сомдон 6000 сомго чейин көтөрүүгө макул болгонбуз. Эгерде ККМ киргизилсе, биздин чыгымдарыбыз өзүн актабайт», - деди ал.

А.Аширбаева кошумчалагандай, зергерлер министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен жолугушууну суранышкан. Бирок аларды кабыл алышкан эмес.

Дагы бир митингчинин айтымында, ККМ «Алтын» сыяктуу ири дүкөндөрдө орнотулушу керек.

«Алардын кирешесин биздики менен салыштырбагыла. Биздин система жөнөкөйлөштүрүлгөн. Киреше аз. Кээде биз продукциянын бир нече түрү менен алектенебиз, мамлекет бизден ККМди өзүбүздүн акчабызга орнотууну талап кылып жатат», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком