13:55, 26-июнь, 2022

Касым-Жомарт Токаев менен Аскар Акаев жолугушту

На русском
10:20, 24-июнь, 2022 903

АКИpress -  23-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаевди жана анын жубайы Майрам Акаеваны кабыл алды. Жолугушуу Нур-Султан шаарында болуп өттү.

Алар илим, билим берүү, санариптик экономика жана адам ресурстарын өнүктүрүү тенденциялары маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө климаттын өзгөрүүсүнүн көйгөйлөрү жана дүйнөдө болуп жаткан окуялар да козголду.

Аскар Акаев — Кыргызстандын биринчи президенти. Ал 2005-жылдын мартындагы ыңкылап маалында өлкөдөн качып кеткен.

Азыркы учурда Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин профессору, Россия илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү.

Ал 16 жыл 4 ай 9 күндөн кийин биринчи жолу 2021-жылдын август айында Кыргызстанга келген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком