14:43, 26-июнь, 2022

«Cisco» толугу менен Россия жана Беларустагы ишмердүүлүгүн токтотот

На русском
09:30, 24-июнь, 2022 105

АКИpress -  Америкалык телекоммуникациялык жабдууларды жана программалык камсыздоону өндүрүүчү «Cisco» акырындык менен Россия менен Беларустагы бардык ишмердүүлүгүн токтонууну чечти. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги компаниянын билдирүүсүнө таянып билдирди.

Компаниянын билдирүүсү:

«Биз Орусия менен Беларуста бизнести системалуу түрдө токтотууну баштоону чечтик. <...> Кардарлар, өнөктөштөр жана жеткирүүчүлөр менен түздөн-түз байланышып, финансылык маселелерибизди, анын ичинде кызматтар жана программалык камсыздоо үчүн алдын ала төлөмдөрдү чечебиз».

Март айында «Cisco» Россиядагы бизнес операцияларын, анын ичинде сатууларды жана кызматтарды токтоткон. «Reuters» кабарлагандай, батыш компаниялары Орусиядан чыгуу процессин тездете баштады.

Ошондой эле «Microsoft» компаниясынын президенти бул аймакта эч нерсе калбаганча компания Орусиядагы бизнесин акырындык менен кыскарта турганын билдирди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком