13:35, 26-июнь, 2022

Өзбекстан чыгарган «Нексия», «Кобальт» жана «Спарк» унаалары Россияга экспорттолбойт

На русском
09:21, 24-июнь, 2022 236

АКИpress -  Россияда «Шевроле» маркасындагы унаалардын «Нексия», «Кобальт» жана «Спарк» моделдери сатылбайт. «Авторевю» маалымат агенттиги жазгандай, бул унаалар ушул жылы 9-мартта эле Россияга экспорттолбой калган. Россиялык автосалондор бүгүнкүгө чейин кампада турган унааларын сатып келишкен.

Жогоруда аталган унаалар Өзбекстандагы «UzAuto Motors» заводунда өндүрүлөт. Ал завод АКШнын «General Motors» компаниясына көз каранды.

«General Motors» буга чейин Россиянын рыногунан кетерин жарыялаган болчу. Ошондой эле Россияда АКШда өндүрүлгөн «Chevrolet» менен «Cadillac» гана эмес, Өзбекстанда да өндүрүлгөн унаалар сатылбай турганын билдирген.

Өзбек тарап «General Motors» компаниясынын мындай чечимине каршы чыкпайт, себеби америкалык компания «UzAuto Motors» заводунан лицензиясын алып коюшу мүмкүн.

Өткөн жылы «UzAuto Motors» заводу 237 миң унаа чыгарган. Анын көбү жергиликтүү рынокто сатылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком