Шералы Камчыбеков адилеттүүлүк кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Окуя тууралуу: Жогорку Кеңеш адилеттүүлүк кеңешинин курамын бекитти. Тизме |
АКИpress - Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгынла адилеттүүлүк кеңешинин төрагасы болуп Шералы Камчыбеков шайланды. Бул тууралуу аталган кеңеш билдирди.
Төраганын орун басары болуп Аида Сейдакматова шайланды.
22-июнда Жогорку Кеңеш кеңештин курамын бекитип, биринчи жыйын 23-июнда болгон.
Биринчи жыйналышта төрагалык кылуучу кеңештин мүчөлөрүн тааныштырып, үч мүчөдөн турган эсептөө комиссиясы шайланып жана кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо өткөрүлдү.
Кеңештин мүчөлөрү:
- Кыдыралиева Бакыт Амантуровна (президент тарабынан көрсөтүлгөн);
- Руслан Жакышов («Ишеним») (Жогорку Кеңеш тарабынан көрсөтүлгөн);
- Базарбаев Эрлан Базарбаевич (юридикалык коомчулук тарабынан көрсөтүлгөн);
- Камчыбеков Шералы Равшанбекович (Судьялар кеңеши тарабынан шайланган);
- Асанова Нургүл Молдобековна (Судьялар кеңеши тарабынан шайланган);
- Сейдакматова Аида Асанбековна (Судьялар кеңеши тарабынан шайланган);
- Эшалиев Азис Маратович (Судьялар кеңеши тарабынан шайланган);
- Барыктабасова Эльмира Бектургановна (Судьялар кеңеши тарабынан шайланган);
- Сагынбекова Дамира Эсенбековна (Судьялар кеңеши тарабынан шайланган);
- Акбердиев Марат Туратбекович (Судьялар кеңеши тарабынан шайланган);
- Кубатов Айвар Эсенкулович (Судьялар кеңеши тарабынан шайланган).
Кеңештин бир мүчөсүн элдик курултай шайлайт.