14:17, 26-июнь, 2022

Байсалов «Айыл Банктын» мурдагы жетекчисинин орун басары Асанбаев эмне үчүн башка камерага которулганын айтты

На русском
21:37, 23-июнь, 2022 1044

АКИpress -  Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Айыл Банк» ААКтын жетекчисинин мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев эмне үчүн башка камерага которулганын журналисттерге айтып берди.

23-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратында Бакыт Асанбаев менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча комиссиянын төртүнчү жыйыны өттү.

«Айта кетейин, санитардык бөлүмдө шарттар жакшы. Ооба, албетте, адамдар камакта. Эгерде бул адамдар оор шарттарга которулса же камоо режими күчөтүлсө, алар шектенүү жаратышы мүмкүн. Мен СИЗОлорду көп көргөн адаммын, шарты жакшы десем болот. Менимче, бул шарттар өлүмгө себеп болушу мүмкүн эмес», - деди Байсалов.

Анын айтымында, СИЗОдо көп сандагы адамдар кармалууда. «Бир эле иш боюнча 5-6 адам күнөөлөнүп кармалса, бир камерада отурбайт, анан көчүрүшөт. Ошондуктан министрдин мурдагы орун басары, мурдагы кесиптешибиз жана бул киши башка камерага которулду, анткени ал жерде бош орун бар болчу. Бул жакшы ниет менен жасалган», - деп кошумчалады ал.

18-июнь күнү эртең менен УКМКнын басма сөз кызматы Асанбаевдин СИЗОнун санитардык камерасында асынып алганы табылганын кабарлады.

Марат Казакпаев 9-июнда СИЗОдон ооруканага которулган. 10-июнда ал каза болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком