14:19, 26-июнь, 2022

Профсоюздардын борбордук комитетине жаңы жетекчи келди

На русском
20:44, 23-июнь, 2022 299

АКИpress -  Профсоюздун борбордук комитетинин төрагасы болуп Намазов Кубанычбек Шайымбекович, төраганын орун басары болуп Карабаева Надежда Александровна дайындалды.

Борбордук Комитеттин маалыматына караганда, мындай чечим мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин жана калкты тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин 23-июнда өткөн пленумунда кабыл алынды.

Жыйынга профсоюздар федерациясынын төрагасы Эмил Кызаев, президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин текшерүү бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров, тармактык профсоюздун облустук, райондук комитеттеринин төрагалары жана пленумдун делегаттары катышты.

  • К.Намазов Финансы министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчысы болуп иштеп, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Узарбек Жылкыбаевдин коомдук кеңешчиси болгон.
  • Н.Карабаева тармактык профсоюзда профсоюздун Борбордук комитетинде уюштуруу-укуктук иштер бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком