14:21, 26-июнь, 2022

«Ош электр» ишканасында коррупциялык схема аныкталды

На русском
18:09, 23-июнь, 2022 467

АКИpress -  УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Ош электр» ААКтын Баткен филиалынын жооптуу адамдары тарабынан филиалдын кызматкерлерине материалдык сыйлык акыларын тариздөө аркылуу компанияга акча каражаттарын системалуу чыгарып алуу боюнча коррупциялык схема уюштурулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

27-апрелде «Ош электр» ААКтын Баткен филиалынын жооптуу кызмат адамдары, жогорку жетекчилердин көрсөтмөсү боюнча «Ош электр» ААКтын Баткен филиалынын 460 кызматкерине жалпы суммасы 4 млн 146 миң 836 сомдон ашык сыйлык төлөө үчүн документтерди тариздеген. Мында улам, акча каражаттар «РСК Банк» ААКтын эмгек акы долбоорунун алыш-бериш эсеби аркылуу кызматкерлердин жеке карточкалык эсептерине которулган.

Акча каражаттар которулгандан кийин, ошол эле күнү акча каражаттар накталай алынып, жетекчиликтин көрсөтмөсү боюнча «Ош электр» ААКтын Баткен филиалынын жооптуу кызмат адамдарына өткөрүлүп берилген.

Бул факт тергөө иш-чараларын өткөрүү үчүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды, деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком