13:37, 26-июнь, 2022

Афганистандагы суу ташкыны 400 адамды агызып кетти

На русском
16:37, 23-июнь, 2022 237

АКИpress -  Афганистандагы суу ташкынынан 400 адамдын өмүрү кыйылганын «TOLO News» басылмасы билдирди. Акыркы бир нече күндөн бери көпчүлүк провинцияларда катуу жаан-чачын болуп жатат.

Жаратылыш кырсыктары менен күрөшүү боюнча мамлекеттик министрликтин маалыматы боюнча, жаракат алган жарандар госпиталдарга эвакуацияланган.

Жаратылыш кырсыгы Кунар, Нангархар, Нуристан, Лагман, Панжшер, Парван, Кабул, Каписа, Майдан Вардак, Бамиан, Газни, Логар, Саманган, Сар-э-Пул, Тахар, Пактия, Хост жана Дайкунди провинцияларында, ошондой эле Саланг районунда болгон.

22-июнга караган түнү Афганистанда күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен 1,5 миңдей адам каза тапты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком