Өзбекстандын атайын кызматы Кыргызстандан жеткирилген жасалма 10 миң долларды тапты
На русском
АКИpress - Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын ыкчам кызматкерлери 10,6 миң жасалма доллар менен шектүү жаранды кармашты. Аларды Ташкентте таратуу пландалып жатканын республиканын укук коргоо органдары билдирди.
Жасалма доллар буга чейин баңгизатын мыйзамсыз алып жүргөнү үчүн соттолгон Наманган облусунун Үчкоргон районунун 36 жаштагы тургунун текшерүү учурунда табылган.
Тергөөгө чейинки текшерүү учурунда аталган жаран Жаңы-Коргон (Янгикурган) районунун тургунунан жасалма доллар алганын айтып, кийинчерээк ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө ал кармалган.
Мамлекеттик коопсуздук кызматы жасалма доллар Ташкентте таратуу максатында Кыргызстандын «Тинар» аттуу жараны тарабынан Өзбекстанга жеткирилгенин аныктаган.
Кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесинин (жасалма акчаларды, акциздик үлгүдөгү же баалуу кагаздарды даярдоо, сатуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.