13:48, 26-июнь, 2022

«Ласковый май» тобунун солисти Юрий Шатунов каза болду

На русском
14:11, 23-июнь, 2022 3977

АКИpress -  Москвада «Ласковый Май» тобунун мурдагы солисти Юрий Шатунов каза болду. Бул тууралуу «Ленте.руга» бүгүн, 23-июнда аткаруучунун директору Аркадий Кудряшов билдирди жана маалыматты медициналык чөйрөдөгү эки булак да тастыктады.

Ырчы инфаркттан улам түндө тез жардам унаасында каза болгон.

Шатунов 48 жашта болчу.

Юрий Шатунов 1973-жылы Башкыр АССРинде туулган. Ал үч жашында ата-энеси ажырашып, 11 жашында апасы каза болгон. Болочок жылдыз өспүрүм курагын балдар үйүндө өткөрүп, ал жерде Сергей Кузнецов менен таанышкан. Ошол учурдан тартып «Ласковый май» тобунун тарыхы башталган.

Топтун негизги хиттери — «Ак розалар» («Белые розы»), «Жай» («Лето»), «Седая ночь», «Пусть будет ночь», «Тающий снег» — 1986-1988-жылдар аралыгында жаралган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком