+34 градус: Абанын күндүзгү температурасы

АКИpress - Бүгүн, 24-июнда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, деп билдирди Кыргызгидромет.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +28…+33
Талас облусунда +24…+29
Баткен облусунда +29…+34
Ош, Жалал-Абад облустарында +29…+34
Ысык-Көл облусунда +23…+28
Нарын облусунда +21…+26
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +29…+31 градуска жетет.
Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +23…+25 градуска жетет.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком