14:40, 26-июнь, 2022

+34 градус: Абанын күндүзгү температурасы

07:00, 24-июнь, 2022 182

АКИpress -  Бүгүн, 24-июнда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, деп билдирди Кыргызгидромет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +28…+33

Талас облусунда +24…+29

Баткен облусунда +29…+34

Ош, Жалал-Абад облустарында +29…+34

Ысык-Көл облусунда +23…+28

Нарын облусунда +21…+26

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +29…+31 градуска жетет.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +23…+25 градуска жетет.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком