13:43, 26-июнь, 2022

Францияда буркини менен сууга түшүүгө тыюу салынды

На русском
19:24, 23-июнь, 2022 421

АКИpress -  Франциянын жогорку административдик соту аялдарга буркини (денени башынан томугуна чейин жаап турган кийим) кийүүгө тыюу салды.

Сот муну Франциянын «светтигин» — динге карата мамлекеттик бейтараптуулук принцибин бузуу катары баалады. Бул тууралуу «Associated Press» билдирди.

2022-жылдын май айында Франциянын Гренобль шаары жергиликтүү активисттердин пикирин угуп, бассейндердеги дресс-кодду жеңилдетүү үчүн добуш берген. Анын ичинде аялдарга буркини жана топлес менен сүзүүгө уруксат берилген. Гренобль шаарынын мэри аялдар каалагандай кийинүүгө, ошондой эле бассейндерде жана көчөдө диний көз караштарын билдирүүгө укуктуу болушу керек экенин билдирген.

Префекттин өкүлдөрү болгон француз өкмөтү Греноблдун чечимин сотко берген. 21-июнда Франциянын Жогорку административдик соту буркиниге уруксат берүү мыйзамсыз экенин ырастады. Соттун чечимине ылайык, Греноблдеги добуш берүү «диний талапты канааттандыруу үчүн» өткөн жана «мамлекеттик кызматтардын бейтараптыгына зыян келтирет».

Сотто аялдарга топлес менен сууда сүзүүгө уруксат берүү тууралуу сөз болгон жок.

Франциянын ички иштер министри соттун чечимин «светтик жеңиши» деп атады.

Франциядагы мусулмандардын укугун коргоочу уюмдар буркиниге тыюу салуу негизги эркиндиктерди чектейт жана мусулман аялдарды басмырлайт деп билдирди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком