14:23, 26-июнь, 2022

«Мындай бейбаштык болгон эмес»: Мадумаровдун эскертүүсү, Сыдыгалиевдин жообу

11:20, 23-июнь, 2022 1137

АКИpress -  Мыйзамдарды талкуулоо, чечмелөө жалгыз Жогорку Кеңештин гана укугу, башка эч кимдин укугу жок. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Адахан Мадумаров («Бүтүн Кыргызстан») айтты.

«Тарых үчүн бул. Кечээ "юрист айтып койсун пикирди" деп, юрист мыйзам чыгаруучудан келип сураш керек. Адатта ушундай болуп келген. Мыйзам чыгаруучу эмне деген түшүнүк киргизди ушул мыйзамга деп. Мыйзамдарды талкуулоо, чечмелөө — жалгыз Жогорку Кеңештин гана укугу. Башка эч кимдин укугу жок. Конституцияны чечмелөө — Конституциялык соттун укугу. Жападан жалгыз Конституциялык соттун гана. Ага Жогорку Кеңештин дагы, өкмөттүн дагы, президенттин дагы, Жогорку соттун дагы укугу жок. А могул жерде туруп, юрист деп койсо, юрист чыгып алып, чечмелеп койду 87-беренени. Конституциянын беренесин чечмелеп койду. Ошондуктан кечеки кабыл алган чечимибиз, кабыл алган мыйзамларыбыз аябай катуу шек туудурат. Тарых үчүн айтам.

Бир күндөр келет, ушул маселелердин баары көтөрүлөт. Көрүп жатабыз, бүгүнкү күндөн көрүп жатабыз. 10-12 жыл баштагы кабыл алынган чечимдерди көтөрүп чыгып, не деген баалар берилип жатат. Биздин VII чакырылыштын депутаттарына кумаркананы ачуу боюнча мыйзамыбыз Конституцияга чечмелеп, берип коюш бир жигит — бөлүм башчысы. Мындай башаламандык, мындай бейбаштык биздин кыргыз тарыхында болгон эмес. Болуу мүмкүн да эмес. Себеп Консититуцияда так жазылып турат, ким чечме бере алат. Ушуну эске алып коюш үчүн, мен дагы бир жолу айтам, келечектеги урпактарга тарыхтын алдында жүзүбүздүн жарыктыгы үчүн айтам: Кечээки кумаркананын ачуу боюнча кабыл алган чечимиңер мыйзамсыз», - деди Мадумаров.

Төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев мыйзамды жалгыз бир эле киши чечпегенин айтып, ар ким өз чечими үчүн жооп берерин билдирди.

«Аны бир эле адам чечкен жок. Биз коллегиальный орган болгондон кийин, баарыбыз чечтик бул жерден. Ар ким, ким өзү добуш берсе, ар ким өзүнө жооп берет. Бул жерде юристтин айтканы боюнча аны төрага айтты, окуп бер деп. Жана аны төрага эки эмес, он жолу окуп берди. Сиздер түшүнбөй жатсаңар, аны сиздер жакшы билесиздер да. Регламентте жазылып турат, кандай добуш беришти. "Каршы" бересиз, же "за" бересиз болду. А сиз болсо бул жакта фракцияңыз менен саботаж кылып отурасыз. Ар бир нерсени айтып жатканда, мындай туура айтыш керек да», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком