19:08, 28-март, 2024

Адам уурдап, өлтүрүү үчүн 2 000 000 сом: Шектүү кармалды

На русском
17:53, 20-июнь, 2022 20562

АКИpress -  Тааныштарына буюртма аткарууну сунуштаган шектүү кармалды. Ал мындай кызмат үчүн 2 миллион сом төлөнө турганын убадалаган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча түштүк бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Баткен облусунун Кадамжай районунда жашаган жаранды жасалма уурдоо ишин уюштурушкан. Андан кийин уурдалган адамдын сүрөтүн шектүүгө көрсөтүшкөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер уюшкан кылмыштуу топтун бардык мүчөлөрүн кармады.

Алар:

- уюштуруучусу — мурда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип бир нече жолу соттолгон 1957-жылы туулган П.А.;

- буюртманы аткаргандар: 1979-жылы туулган Р.А.;

- мурда бир нече жолу соттолгон Т.А.

Шектүүлөрдөн баңги каражаты да табылды. Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (кылмышка даярдык көрүү) жана 165-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-8-пункттары (төлөм алуу же болбосо башка жеке кызыкчылык максатында алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан адамды уурдоо) менен катталып, шектүүлөр Араванда эки айга убактылуу камакка алынды. Тергөө уланып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком