14:55, 29-март, 2024

Дайыны жок миллиарддар: Эмне үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Кытайдын бажыдагы маалыматтары ар башка?

На русском
09:17, 31-май, 2022 1654

АКИpress -  Ушул жылы 6-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын бажы боюнча жарыялаган статистикалары бири-бирине дал келбей жатканын билдирген.

«Tazabek» басылмасы Кыргызстанга товар импорттоо боюнча маалыматтарды анализдеп, Кыргызстан менен товар импорттолгон өлкөнүн статистикасында чоң айырма бар экенин байкады.

Тактап айтканда, 2021-жылы Кыргызстан Кытайдан канча товар импорттогонун, Кытай биздин өлкөгө канча товар жөнөткөнүн карасак, ортодогу айырмачылык 6 млрд долларды түздү.

Кыргызстанга Кытайдан ташылган товардын көбү кайра башка өлкөгө экспорттолорун белгилеп коюш керек.

Эксперттердин айтымында, статистикадагы айырма бажыдагы коррупция жана контрабанда менен байланыштуу.

«Мыйзам чегиндеги» контрабанда

«Кыргызстан менен башка өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүдөгү айырма 10 пайыздан ашпашы керек», - деп билдирди Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев. Бирок Кытайдын статистикасындагы сандар Кыргызстандын сандарына салыштырмалуу 5 эсе чоң.

«Бул коррупциядан кабар берет. Бизге Кытай менен Кыргызстандын эсептөө ыкмасы эки башка экенин айтып келишет. Албетте, эсептөө ыкмалары башка, бирок бизге ушул жомокту 10 жылдан бери айтып келе жатышат. Бул убакыттын аралыгында (ред. Кыргызстан менен Кытай) эсептөө ыкмаларын бири-бирине дал келтирип алмак», - дейт Шабданалиев.

Анын айтымында, эсептөө ыкмаларын дал келтирүүгө эч ким кызыктар эмес. Статистикада көрсөтүлбөгөн акчанын бир бөлүгү бажычылардын чөнтөгүндө калат.

Ал эми Кыргызстандын Бажы кызматы «Tazabek» басылмасына эмне үчүн Кыргызстан менен Россиянын бажыдагы көрсөткүчтөрү эки башка экенин түшүндүрүп бере алган жок. Алар Улуттук статистика комитетине кайрылууну сунушташты.

«Эки тараптуу жана тышкы соода-сатык боюнча статистикага Улуттук статистика комитети жооптуу», - деп кат түрүндө жооп берген Бажы кызматы башка маалымат берүүдөн баш тартты.

«Биз статистиканы бурмалоого мүмкүнчлүк берген бир нече схеманы билдик. Мисалы, бажы кызматкерлери кымбат товар экспорттолгон учурда, аны декларацияга арзан товар катары жазып коюшат. Муну менен соодагер бажы төлөмүн аз төлөйт жана статистикада айырма жаралат. Бул схемага бажычылар, ошондой эле эки өлкөнүн соодагерлери да аралашкан», - дейт Темирбек Шабданалиев.

Анын айтымында, декларация боюнча соодагер Кыргызстанга оюнчук алып келет. Бирок чындыгында ал компьютер, смартфон жана башка кымбат техника алып келген болот.

Көз карандысыз эксперттер да эки өлкөнүн бажыдагы статистикалары биринчи кезекте коррупция менен байланыштуу экенин айтышат. Журналисттер «Раим-миллион» (ред. Раим Матраимов) менен байланышкан Бажы кызматындагы көмүскө схеманы иликтегенден соң жана анын жыйынтыгында бажыдагы бир катар чиновник кармалгандан кийин, бийлик мамлекеттик кызматка сунушталган кадрларды кылдат карап баштады.

«Көмүскө схемалар азайды, аларды (бажы кызматкерлерин) эсине келтиришти. Бирок 5 жыл мурун ар бир бажычы 3-4 соодагер менен иштешип, байып жүргөн. Ал учурда бажычылар акча үчүн сатылып келген. Азыр мындай учурлар сейрек кездешет», - деди Шабданалиев.

Ким күнөөлүү?

Кытай Эл Республикасы менен чектешкен чек арадан жүктөрдү өткөрүү жана декларациялоо боюнча чоң жоопкерчилик Мамлекеттик бажы кызматында. Мамлекеттик салык кызматынын да кандайдыр бир деңгээлде тиешеси бар. Анын негизги максаты — ЕАЭБ ичиндеги (Россия, Казакстан, Беларусь ж.б.) импортту администрлөө.

«Товар алып келип, бизге отчетун тапшырып, тиешелүү салык төлөп жаткан сатуучулар бар», - деди Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов.

Анын айтканына Т.Шабданалиев да кошулат.

«Салык кызматы балким коррупцияга кандайдыр бир тиешеси бардыр. Бул Кытайга тиешелүү. Бирок буга биринчи кезекте Бажы кызматы күнөөлүү», - деп түшүндүрдү ал.

Кытай синдрому

Кытайлык сатуучулар борбор азиялык кесиптештеринен айырмаланып, экспорттук көрсөткүчтөрдү атайын жогорулатат. «LS» басылмасы февралдын башында Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетине шилтеме берип билдиргендей, Кытай Эл Республикасында декларациясы толтурууда товардын кодун жөнөкөйлөштүрүүгө жол берилет.

«Он товардын ичинен кымбатына карап биринин кодун көрсөтүүгө уруксат берилип, бул да статистикада айырма жаратат», - деп түшүндүрөт Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети.

Бул кытайлык сатуучуларга дем берүү жана башка өлкөлөргө Кытайдын экспортун өстүрүү үчүн жасалышы ыктымал. Мындан улам сандар жогорулап кетет.

Кыргызстандын Эсептөө палатасы дагы ушул жылдагы бюджеттин долбооруна карата чыгарган бүтүмдө Кытай менен Кыргызстандын 2020-жылдагы бажы маалыматтарын салыштырган. Андагы маалымат боюнча, Мамлекеттик бажы кызматы Кытай жана Өзбекстан менен болгон соодадагы дал келбестиктерди азайтуу менен бюджеттин кирешесин 31 млрд сомго көбөйтө алат.

Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын анализи көрсөтүп тургандай, импорттун көпчүлүк бөлүгү (5,5 млрд доллар) Кыргызстан менен чектешкен Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна туура келет. Кытай тараптын маалыматы боюнча, мурунку жылдагы импорт 7,5 млрд долларга жетип, анын басымдуусун кийим-кече түзгөн.

Статистикадагы эки ача: Кыргызстан менен Казакстандын реэкспорт үчүн күрөшү

Казакстан кыргыз-кытай товар жүгүртүүсүндөгү айырмачылыкты Кыргызстандан транзит болгон товарды текшерүүгө аргумент катары пайдаланууда. Коңшу өлкө Кыргызстан Казакстан аркылуу Кытайдан аткезчилик товарларды алып жатат деген пикирде.

«Бирок муну Казакстан жөн жерден эмес, Кытай менен болгон товар жүгүртүүсүн көбөйтүү максатында жасап жатат. Бизде бул багытта көптөгөн сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бирок эч кандай жыйынтык берген жок. Биздин мамиле күн санап бузулуп жатат», - деди Т.Шабданалиев.

Март айынын башында Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасында күн сайын 300 чакты жүк ташуучу унаа топтолуп жатты. Айдоочулар болсо узун кезекке жана токтоосуз текшерүүлөргө даттанышат. Алардын айтымында, казакстандык бажычылар фураларды контрабандалык товарларды эле издеп текшерүүгө албастан, ташылып бараткан товардын электрондук тизмесин талап кылат.

Иллюстративное фото

Апрель айынын аягында Казакстандын Соода министрлиги чек арада көптөгөн автоунаалар кезекте турганын Кыргызстандан чыккан товарга электрондук эсеп кагазынын жоктугун себеп кылган. Февраль айындагы сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен Кыргызстан товардын электрондук тизмесин берүүгө милдеттендирилген болчу. Электрондук эсеп жок учурда Казакстан товарды чек арадан өткөрбөй коюуга укуктуу.

Казакстандын Соода министрлигинин маалыматы боюнча, марттын аягынан бери Кыргызстандан кытай товары менен чыккан жүк ташуучу автоунаалардын 92 пайызында электрондук эсеп болгон эмес.

«Алдоого мүмкүн эмес. Көзөмөл-өткөрүү пункттары заманбап жабдыктар — эсепке алынбаган товарды оңой тапкан сканерлер менен камсыздалган», - деди Казакстандын вице-премьери Бахыт Султанов.

Мындай кырдаал алгачкысы эмес. 2017-жылдан бери коңшу өлкө ар кандай жүйөлөр менен мамлекеттик чек араны жаап, кыргызстандык жүк ташуучулардын товарын текшерип келет. Аны менен катар казак-кытай статистикасында дагы миллиарддаган долларга жеткен айырма чыгат.

Бул тууралуу адатта Казакстандын Финансылык мониторинг агенттиги айтат. Өлкөнүн кирешелерди кымырууга каршы концепция-долбооруна ылайык, Казакстанга контрабанданын көпчүлүгү Кытайдан кирет. Буга каршы туруу үчүн өлкөлөр экспорттук бажы декларациясындагы маалыматтар менен алмашууну келишкен. Бул жол Кытай менен болгон тышкы соодадагы 2017-2020-жылдардагы айырманы 6,9 млрд доллардан 5,3 млрд долларга азайтууга жардам берди. Бирок 2021-жылы жүргүзүлгөн соода боюнча 7 млрд долларга чейин айырма чыккан.

Казакстан 2017-жылдан тарта Кытай менен товар жүгүртүүнү көбөйтүү багытындагы активдүү иштерди жүргүзүп келет. Бул үчүн Кытай менен чектешкен аймакта атайын «Хоргос» көзөмөл-өткөрүү пункту модернизацияланган.

Муну менен катар Казакстан 2022-жылы Кыргызстан үчүн жалгыз транзиттик коридор. Ал аркылуу товарларды, анын ичинде Кытайдын товарын Россияга жана башка өлкөлөргө экспорттойт.

Эксперттердин пикири боюнча, Казакстан кыргызстандык жүк ташуучуларга атайын тоскоолдуктарды жаратып жатат. Бул кытайлык сатуучулар Казакстан аркылуу товарларын экспорттоодон баш тартып, «Хоргос» көзөмөл-өткөрүү пунктуна көп жүк жеткирүү максатын көздөйт.

«Бул дээрлик ишке ашты. Кыргыз-казак чек арасындагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктундагы товар аз, ал эми автоунаалар токтоп турат. Бул үчүн да акы төлөө керек. Кытайлыктар биздин товарды Казакстан өткөрбөй турганын көрүп, алар аркылуу сатууга аракет кылат. Биз 30 жылдан бери иштешип келген кытайлык өнөктөштөрүбүздү жоготуп жатабыз», - деди Т.Шабданалиев.

ККП «Хоргос»

Казакстанда «Хоргос» өткөрмө бекетиндеги товар жүгүртүү 20 миллиард доллардан ашат, деп кошумчалады ал. «Албетте, алар рынокту монополиялоо үчүн Кыргызстандан кытай товарларын экспорттоону жасалма түрдө токтотууну каалап жатат», - дейт Шабданалиев.

Ошондон улам казак тарап март, апрель айларында аткезчилик менен күрөшүү деген шылтоо менен Кыргызстандын товарларын текшерүүдөн өткөргөн болушу мүмкүн. Анткени жыл башынан бери Кыргызстандан Казакстанга болгон экспорт 60 пайызга өскөн.

Эксперттер Кыргызстандын бажысы товарларды ташып келүүдө эсепке алууну иретке келтирсе, Кыргызстандын Казакстан аркылуу транзити жакшырат деген пикирде. Ошондо казак тараптын Кыргыз Республикасынан жөнөтүлгөн жүктөрдү текшерип, жүктүн өтүүсүнө тоскоолдук кылууга жүйөлүү негизи болбойт.

«Казакстан биздин алсыз жактарыбызды билет. Биз жалпы чек араларды түзүп, ЕАЭБге киргенибизде алар дагы көбөйдү. Муну оңдоо керек», - дейт Т.Шабданалиев.

Евразиялык интеграция дагы суроолорду жаратууда, анткени Кыргызстандын жүк ташуучу унааларын текшерүү ЕАЭБдин ичинде дагы деле жүргүзүлүп жатат. Бул чындыгында жасалма чектөө. Ошондой эле эксперттер Кыргызстан биримдиктин мыйзамдуу мүчөсү катары өз кызыкчылыгын жакшыраак коргошу керектигин белгилешет. Анткени өлкө жеңилип, Биримдикте акыркы позицияларды ээлеп турат. Ал эми Казакстан менен түзүлүп жаткан мамилелерди Борбор Азия чөлкөмүндөгү чыныгы соода согушу деп атоого болот.

ЕАЭБ бир эмес

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнүн максатка ылайыктуулугу коомчулукта активдүү талкууларды жаратууда.

Интеграциянын жактоочулары артыкчылык катары кризистик кырдаалдарда туруктуулук үчүн жалпы рыноктун түзүлгөнүн белгилешет. Каршылаштар болсо Орусияга күчтүү көз карандылыктын калыптанышын жана бирикменин катышуучуларынын тең укуктуу эместигин белгилешүүдө.

Эксперттер ЕАЭБге кирүүнүн артыкчылыктарын, кемчиликтерин да белгилешет. Маселен, Кыргызстанда биримдикке киргенге чейин Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн айырмаланып, бажы төлөмдөрү төмөн болгон.

«Бажы тарифинин төмөндүгүнө байланыштуу биздин импорт казактардыкынан алда канча арзан болчу. Ошондуктан коңшуларга караганда жакшы абалда болуп, көбүрөөк саттык», - дейт Шабданалиев.

ЕАЭБге киргенден кийин республика бирдиктүү бажы тарифи менен иштей баштады жана артыкчылыктарын жоготуп, Кыргызстан менен башка мамлекеттердин соода саясаты бирдей болуп калды.

Артыкчылыктардын катарында эксперттер Кыргызстан Кытай товарларын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө башка мамлекеттерге реэкспорттоого мыйзамдуу укук алганын белгилешет. «Бирок реэкспорт бир шартта гана мүмкүн болот — эгерде биз товарды өзүбүздүн өлкөдө бажылык тариздөө кылсак», - дейт Шабданалиев.

«Дордой» ассоциациясынын мурдагы вице-президенти Сергей Пономаревдун айтымында, биримдикке киргенге чейин ЕАЭБ өлкөлөрү аркылуу жүк ташуу өтө кыйын болгон.

Сергей Пономарев

«Экспорт жана реэкспорт боюнча абдан чоң көйгөйлөр пайда болуп, алар узак мөөнөттүү болуп чыкты жана дагы деле бар», - деп түшүндүрөт ал. Эксперттин айтымында, биримдикке кирүү Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттер менен соодасын жакшыртууга мүмкүндүк берди.

Экономика илимдеринин доктору, Постиндустриалдык коомду изилдөө борборунун директору Владислав Иноземцев Евразиялык экономикалык интеграция биримдиктин көпчүлүк катышуучулары жана региондогу чакан өлкөлөр үчүн кырдаал боюнча пайдалуу экенин айтат. Ошого карабастан, ал ЕАЭБде чыныгы улуттуктан жогору органдар жок экенин жана анын пайда болушу күтүлбөй турганын, ошондуктан бардык кабыл алынган чечимдер Москва аркылуу макулдашыларын билгиледи.

«Бул бирикме мага көп деле келечектүү көрүнбөйт. Россия анын борбору болуп саналат, ал жалпы ИДПнын дээрлик 87 пайызын камсыз кылат. Демек, бул структура ЕБ сыяктуу тең укуктуулардын биримдиги боло албайт», - деп эсептейт Иноземцев.

«Асманды» куруу жана санкциялардан качуу

Орусиянын Украинага басып киришинин фонунда ЕАЭБдин өнүгүү келечеги бүдөмүк болуп калды. Биримдикке мүчө өлкөлөр экинчи даражадагы санкцияларга кабылуу коркунучунда турат.

Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнүн өкүлү Данияр Аманалиев Tazabek′ке берген комментарийинде учурда Кыргызстанга да чектөө киргизүү ыктымалдыгы жогору экенин билдирди.

«Орусияга каршы санкциялар бизге да ушундай таасир этет. Толук болбосо да, жок дегенде айрымдары биздин башыбызга түшүшү мүмкүн», - деди ал. Ишкерге жеткен маалыматка караганда, чет элдик компаниялар Кыргызстанга болгон турларды эмитен эле токтото башташты. Ал Кыргызстанга каршы санкциялар өлкөнүн экономикасынын токтошуна алып келет, деп түшүндүрдү.

Мындай көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн эксперттер жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү буга чейин өкмөткө альтернативдүү соода жолдорун издөөнү сунушташкан, анткени Казакстан аркылуу транзит Кыргызстандын бирден-бир багыты болуп саналат жана бул чындыгында республиканы коңшу мамлекеттерге гана эмес, бүтүндөй ЕАЭБден көз каранды кылып жатат.

Темирбек Шабданалиев бийлик алдыда боло турган көйгөйлөрдү пайда болгондо эмес, алдын ала чечүүгө кам көрүшү керек болчу деп эсептейт. Бирок Иноземцевдин сөзүн эске алганда, Орусия алардын чечилишине кызыкдар эмес болушу мүмкүн.

«Бизде ар кандай чөйрөлөрдү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар, биз аларды колдонушубуз керек. Кыргызстан үчүн (альтернативдик транзиттик коридорлорду өнүктүрүү) — бул глобалдык идея. Келечектеги «Асман» шаарын кургандан көрө, альтернативдүү транзиттик жолдорду түзүңүз. Ошондо бизде беш «Асманга» акчабыз жетет», - дейт Т.Шабданалиев.

Учурда Кыргызстан Казакстан аркылуу транзитке альтернатива катары Иран, Азербайжан жана Түркияга соода жолдорун иштеп чыгууга күчү жетет. «Менин оюмча, Казакстан каалабаса да, биз алардан көз карандысыз транспорттук коридорлорду түзүп, аларга карабай акча таба алабыз», - дейт Шабданалиев.

Чек арадагы товарларды импорттоодогу көйгөйлөрдү чечүү, маалыматтардагы дал келбестиктер жана жаңы соода жолдорун өнүктүрүү Кыргызстанга экономикалык жылыш жасоого жардам берет. Бирок өкмөт бул көйгөйлөрдү жоюуга жана пайда болгон чакырыктарга жооп берүүгө шашылбайт. Өз кезегинде эксперттер Мамлекеттик бажы жана Мамлекеттик салык кызматындагы аткаминерлердин көбү кырдаалдын өзгөрбөшүнө кызыкдар деп эсептейт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком