18:55, 28-март, 2024

«Атактуулардын» саунадагы сүрөтү: Алексей Ширшов, Максим Бакиев жана Санжар Сапарбеков

На русском
13:34, 10-май, 2022 3053

АКИpress -  «Аврора Плюс» эс алуу борборунун аймагындагы кымбат баалуу кыймылсыз объектилерди мамлекеттик менчиктен чыгарган уюштуруучулардын бири «Дастан» корпорациясынын мурунку башчысы Алексей Ширшов болгон, деген маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы таратты.

Топтолгон материалдардын негизинде 10-майда Алексей Ширшов КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен шектелип убактылуу камакка алынды. Анын баш коргоо чарасын сот карайт.

Расмий маалымат боюнча, тергөөнүн жүрүшүндө жалган коррупциялк схема түзүлүп, кымбат баалуу 56 батир жана 27 коттедж жеке тараптардын менчигине өткөрүлгөн. Бул кылмыштын артында соттор, жогорку кызматтагы адамдар турганы айтылат.

  • Ширшов Алексей Юрьевич «Интерпол» аркылуу изделип жаткан адмдардын катарында болгон. Ага ишенип берилген мүлктү жоготуу же ээлеп алуу айыбы тагылган. Ал мурда «Түндүк электр» ААКтын финансылык директору, «Электр станциялары» ААКтын финансылык директору болуп да эмгектенген.

Алексей Ширшов саясаттагы жолун Аскар Акаевдин учурунда баштап, Айдар Акаевге өлкөнүн энергетикалык системасына байланышкан маселелерде кеңеш берип турган.

Курманбек Бакиевдин маалында кеңири таанылып, Максим Бакиев менен таанышкандан кийин «серый кардинал» болгонун айтсак болот. Ал энергетика тармагындагы маанилүү объектилерди көзөмөлдөп, аскердик багыттагы продукцияларды чыгарган «Дастан» корпорациясын караган.

2010-жылы Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин Ширшов «Интерпол» аркылуу издөөгө алынган.

АКИpress мындан 10 жыл мурда социалдык түйүндөргө тараган кызыктуу сүрөттү жарыялады. Автору белгисиз сүрөт мончодо тартылган.

Полная версия новости по подписке

Авторизация / Регистрация

выш выбор: 1 жаңылык (950 сом)

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком