1 долларга сатылган «Кыргызгазга» 400 млн доллар инвестиция тартылды.
Документалдык тасма

16:45, 8-апрель, 2022 (Жаңыланды: 09:00, 11-апрель, 2022) 14365

АКИpress -  Бүгүнкү күндө Кыргызстандын энергетика тармагы баарына таасир этти. Суунун көлөмүнүн аздыгы, электрдин таңкыстыгы, түтүн жана экологиялык жактан таза эмес көмүр көйгөйлөрүнөн улам энергиянын коопсуз жана кымбат эмес булагы катары жаратылыш газынын ролу өсүүдө.

СССР кулагандан кийин дат баскан газ түтүктөрү жана эскирген жабдыктар гана калган. Система кайсы учур болбосун кыйрап, ал эми газ берүү токтоп калмак. Мындан тышкары 90-2000-жылдары газ саясий басым үчүн рычаг эле. Ал эми 2014-жылы жеткирүүчүлөр Кыргызстандын түштүгүнө 9 ай бою таптакыр газ берген эмес.

Газ өнөр жайын кайра жандандыруу, газ жеткирүүдөгү коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоо үчүн Кыргызстан менен Россия бул иштерди «Газпром» жүргүзөт деген келишимге жеткен.

АКИpress «Кыргызгазды» дүйнөдөгү энергетикалык ири компаниялардын бири болгон «Газпромго» сатуу себептери жана тарыхын изилдеди. Ошондой эле кыска убакыт ичинде кандай өзгөрүүлөр болгону тууралуу айтылат.

Эмне модернизацияланды? Тарифтер кайсы эсептен төмөндөтүлдү? Жаңы турак жай комплексттери эмне үчүн борбордук жылытуу системасынан баш тартып, көмүр жаратылыш газына орун бошотуп жатат? Өзбекстан көгүлтүр от берүүнү токтоткондо Кыргызстандын түштүктөгү облустары газ менен кантип камсыздалат?

2014-жылдан бери Кыргызстандын газ чарбасын жаңылоо үчүн «Газпром» 400 млн доллардан ашык инвестиция сарптады. Булар толугу менен жаңыланган магистарлдык жана бөлүштүрүүчү газ түтүктөрү, башынан баштап курулган газ бөлүштүрүүчү станциялар, газдаштырылган 40тан ашык айылдар менен турак жай конуштары.

Эң негизгисин айтсак, калкка болгон газ тарифи төмөндөп, 7 жылдан бери Кыргызстанга газ жеткирүү үзгүлтүккө учураган жок.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком