16:33, 29-март, 2024

Адабияттан чоң сыйлыктарга жеткен куруучу — Темирбек Жолдубаев

На русском
21:24, 19-апрель, 2022 3198

АКИpress -  Курулуш тармагында жүрүп, жакында эле чыгармачылыкка аралашканына карабай бир нече сыйлыктарга ээ болгон каарманыбыз чыгармачылыгын кроссворд түзүүдөн баштап, ыр жазып, кийин кара сөзгө өткөн. Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү Темирбек Жолдубаевдин чыгармачылыгы боюнча жакындан таанышып көрсөк...

- Саламатсызбы агай, маегибизди сиз жөнүндө учкай маалымат менен баштасак. Туулган айылыңыз, балалыгыңыз жөнүндө айтып өтсөңүз...

- Саламатчылык, айылда эле өскөм. Мен бала кезде Калинин району аталган, азыркы Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айылында төрөлүп, чоңоюп, ошол жерден мектеп босогосун аттап, билим алып дегендей... Мектепти аяктаган соң Фрунзе калаасына келип, университеттин география факультетине өтө албай «кулап калып», аскерге барып эки жылдык мөөнөттү өтөп келгем. Аскерден келген соң, мурдагы борборубуз болго Фрунзедеги курулуш техникумунда күндүзгү окуу бөлүмүндө окуп, куруучу адистигине ээ болгом. Аны аяктагандан кийин география адистигин Кыргыз улуттук университетинде сырттан окугам. Бирок аны улантып кете алган жокмун. Бул балалык мезгилдерде географ, астроном болсом деген кыялым эле. Бала чак деген башкача да.

Бала чак жөнүндө аңгеме, эссе, очерктерди жаздым. Апамдын, байкелеримдин таасириненби китеп окуганды жакшы көрчүмүн, көп китеп окудум. Мен эле эмес, ошол убакта китеп күйөрмандары азыркыдай эмес, көп болчу. Ошондон уламбы география, астрономия мугалими болгум келчү. Тагдыр дейбизби, айтор турмушум башка багытта кетти. Кийин телескоп сатып алгам, «Зеркальный» деп аталган чоң телескоп болчу. Аны менен айдын ар башка райондорун өзүнчө көрүүгө болор эле... Юпитерди, Сатурнду башка асман телолорун карап, өзүмчө байкоо жүргүзчүмүн. Андан башка дагы ар кандай телескопторум бар эле. Бир телескопту Россиянын Томск шаарынан алып келгем. Азыр, асман телолоруна көз жүгүртүп эле кыялданып койбосом, мен билгендерден көп нерсеси эсимден деле чыгып кетти. Андан бери канча суу акты, канча мезгил өттү. Карылыкка деле кирип калбадымбы. Ошентип, «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, прораб болуп куруучулук менен алектенип калдым, азыркы убакта инженердик көзөмөлдөө кызматын аркалап эмгектенем. Андан кийин «Өмүр толкун», «Кыял чабыты», «Кыял сырлары» аттуу ырлар жыйнактарым жарыкка чыкты. Окурмандар арасында жылуу кабыл алынды. Бирин-экин ырларыма обон да чыкты.

- Ата-энеңиз чыгармачылыкка жакын адамдар беле? Чыгармачылыкка, жазуучулукка карай жол ошондон башталдыбы?

- Бул жөнүндө өзүм деле ойлондум. Атам балдары эселек кезде эле көзү өтүп кеткен. Бирок атабызды сөзмөр, кыйын киши болгон деп калышат. Илгери Илимдер академиясынан атайын филолог аспиранттар келип, көөнөргөн сөздөрдү, жомокторду жаздырып кеткен экен. Жанагы араб элинин «Беш дербиш» деген жомогун күндөп, түндөп айтып берип жүрчү деп апам айтып калчу. Ал «Миң бир түн» жомогунун бөлүгү да. Санжыраны, эски сөздөрдү, алардын чечмеленишин жакшы билчү деп айтар эле апам. Мүмкүн билимдүү болгондо атам да китеп жазмак. Апам да жакшы сүйлөчү. Ой жүгүртүүсү башкача болуп, сөздү кээде макалдардан кошуп айтып калчу. Бизди багам деп жүрүп бир топ эле убара болсо керек, кайдагы окуу... Эми, тагдыр деген ошо да.

- Бала чагыңыздан чыгарма жазып баштадыңыз беле?

- Жазуучулук жана айтканымдай көп китеп окугадан жана ички толгонуунун таасиринен келген күч болсо керек. Балалыкта аңгемелерди, ырларды жазып, кайра ыргытып салып эле жүрчүмүн. Бирок аны бирөөлөргө көрсөтүп, окутпай, деги эле эч кимге айтчу эмесмин. Биринчиден тартынып уялсам, экинчиден өзүмө ишенчү эмесмин. Бирок республикалык ар кайсыл гезиттерге чайнворд, кроссворддорум жарыяланып турчу. Кроссворд түзүү деле оңбогондой интеллектуалдык ой жүгүртүүнү, эмгекти талап кылат. Кийин 2000-жылы,«Ойлон, издеп, тап» деген кроссводдор жыйнагым жарыкка чыккан. Көп нускада чыкты. Ар кандай темада, ар кандай формада, кыргыздын көөнө сөздөрү, география, тарых жана башка тематикада жазылган. Ушул жыйнакка жакшы пикирин билдирип, филология илиминин доктору Алмазбек Токтомамбетов кириш сөзүн жазып берген.

- Ошондо чыгармачылыгыңыздагы негизги багыт кайсы? Кайсы тармакта көп жазасыз?

- Азыркы убактарда кара сөз менен алектенип жүрөм. Мына, үч китебим жарыкка чыкты. Үчөө тең окурмандар арасында, жазуучу-сынчылар арасында жакшы кабыл алынды. Окурмандардан: «Чыгармаңыз жакты, мага мындай таасир берди, мен муну билдим, ал тигиндей турбайбы...», - деп ыраазычылык айткандар да болбой койгон жок. Жазуучуга окурмандардан өткөн сынчы жок. Алар жакшы баа берсе, автор үчүн андан өткөн бакыт жок.

- Аңгеме, повесттер жөнүндө айтсак…

- Бала кезден улуулардан уккан уңгулуу кептер куйма кулак болуп, кулакка куюлуп, көкүрөктө калып калат экен. Ошол нерсе улам эс кирип, акыл кирген сайын бүчүрлөйт, ойго салат, изденүүгө түртөт. Ушундан улам болсо керек, балалыгымда бир туугандарымдан, апамдан, айылдагы аксакалдардан уккан тарыхый окуяларды жазгым келди. Биринчи кара сөз түрүндө жазылган эмгегим «Актоко» повести болду. Бул чыгармада 1916-жылдагы үркүн окуясы, менин таенемдин, таятамдын башынан өткөн окуялары көркөм баяндалат.

Кийинки эки китебим — «Башарат түш» менен «Кут-Ай» повесттер, аңгемелер жыйнактары. Бул эмгектерде да тарыхый окуялар, мен өзүм уккан жана башымдан өткөн окуялар көркөм баяндалат. Мисалы, элдик санжырадагы маалыматтар боюнча кыргыздын айтылуу Кытай уруусунун адепки анык аты Кут-Ай болгон экен. Чыгарманын өзөгүн да дал ушул айдын нуру аркылуу түпкү бабасына кут түшкөн уруунун тарых-таржымалына тиешелүү санжыра түзөт. Тактап айтканда, бул повестте калмак чапкынчылыгынын соңку этабындагы кыргыздардын көз карандысыздык үчүн чечкиндүү күрөшү сүрөттөлүп, кытай уруусунун эл башчыларынын чыгаан эрдиктери айтылат. Бул повесть аркылуу бабаларды, тарыхты эскерип, эстей жүрүү менен бирге эле, жаш муундарды мекенчил болууга үндөө максатым болчу.

«Башарат түш» жакында жарык көргөн жаңы эмгек. «Башарат» деген сөз бул «Манастан» алынды десек болот. Бул сөз кыргыз түшүндүрмө сөздүктөрүндө кездешпейт. Мааниси: ыйык, кайып, аян дегенди билдирет. Орусча айтканда — «Вещий сон». Бул чыгарма бүгүнкү күндөрү орус тилине которулуп жатат. Негизги каарманы атам Жүкөш, анын чыныгы жашоосу баяндалат. Атам илгери түшүндө үч уулдуу болорун көргөн экен. Кийин ишке ашып, үч уул, бир кыздуу болуп, балдарынын ысымдарын ошол түшүндө аян бергендей... Биз балдары төрөлө электе эле аттарыбызды атап койгон экен. «Ушул тарапта бир адам балдары төрөлө электе эле ысымдарын атап коюптур» деп, эл ичинде уламыш сыяктуу айтылып жүргөнүн аксакалдардан угуп калып жүрчүбүз. Чыгармада ошол тууралуу айтылган.

Бул чыгарманын негизги өзөгүндө Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы күндөр чагылдырылат. Кандуу согуш учурундагы тылдагы оор күндөр өз атамдын башынан өткөргөн окуялар аркылуу баяндалат. Деги эле чыгармаларым жарыкка чыгаардын алдында тарыхчылар, жазуучулар менен сөссүз кеңешем. Алардын пикирин угам. Кээ бирин оңдоого да мажбур болом. Ансыз чыгарма жарыкка чыкпайт. Албетте, согуш темасындагы мурдагы жазуучулардын чыгармаларын кайталабай, башка өңүттө жазуу башкы милдет. Мисалы, белгилүү тарыхчылар: Тынчтыкбек Чоротегин, Өмүрбек Токторбеков, Нарынбек Алыкулов, Акылбек Жуманалиев деген тарыхчылардын пикири, берген кеңештери эң маанилүү десем болот. Азыркы күндө жазуучулар согуш темаларына кайрылбай калбадыбы. «Жамиля», «Саманчынын жолу», сыяктуу чыгармалар азыр жазылбай калды. А мунун баары биздин тарых. Ар бир айылда чыгармага татыктуу окуялар сөссүз болот. Ошондой ой толгоолор жана башка турмуштук окуялар менен толукталган чыгарма.

- Чыгармачылыкка ыйгарылган сыйлыктарыңыз жөнүндө эки ооз сөз...

- Берилген сыйлыктар боюнча айтсам, эл аралык сынакта: 2017-жылы «Актоко» повестинин кыргызча варианты финалга илинип, Швеция мамлекетинин Стокгольм калаасына барып келгем. 2018-жылы «Кут-Ай» повести да финалга илинип, Тайланд өлкөсүнүн Бангкок калаасына барып келдим. Ошол эле сынакта, 2019-жылы «Актоко» повестинин орусча котормосу да финалга чыгып, андан үчүнчү орунга татыктуу болуп, Белгия мамлекетинин борбору Брюссель калаасына бардым.

Финалист, үчүнчү орун жана башка дипломдорду тапшыруу аземдерине катышып келип жүрдүм. Повестти которгондор Афина Абдылдаева жана Гүлжигит Соронкулов болгон. Ушул эжеге, агайга өзгөчө ыраазычылыгымды билдирип кетээр элем. 2020-жылы карантин убагында сынак онлайн режимде болуп «Бүркүт» аттуу чыгармамдын орусча варианты «Восток-Запад» журналына жарыяланып, жалдын мыкты чыгармасы наамына татыктуу болуп, биринчи орунду алган. «Бүркүт» аңгемесин орусчага которгон жазуучу, котормочу Гүлнар Эмил кызы болду.

2021-жылы «Башарат түш» повестинин бет ачары болуп, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунан «Алтын калем» сыйлыгына татыктуу болгон.

- «Актоко» чыгармасы аркылуу окурмандарга берейин деген оюңуз ишке аштыбы?

- Ооба. Негизги максатым буга чейин айткандай, таенемдин атын чыгаруу эмес, орус менен кыргыз эли жоолашпай, ынтымакта жашаса деген ой. Тарых — бул тарых, андагы окуялар өттү, биз андан сабак алышыбыз керек. «Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт» дегендей, аларды эскерип, эки эл ынтымакта, тынчтыкта жашаса, ошол мезгилдердегидей апат заман болбосо деген максатта жазылган. Бул ой-максат чыгармада кеңири айтылган.

Айтайын дегеним, 1916-жылдагы окуялардын айынан орустарды жаман көрүүнүн кереги жок. Анткени, ошол учурда орустардын арасында кыргыздарга болушкандар болгон. Ошондой эле кыргыздардын арасында дагы орустарга жардам берип, аларга болушкандар болгон экен. Бири-бирин качырышып, жардам беришип, бөөдө өлүмдөн сактап калып дегендей. А Актоко ачык эле «токтогула, тийбегиле, булар менин элим», деп айтып жатпайбы. Ошондо, чынында эле орус аскерлери чогулган элге тийбей, кайрылып кетишкен экен. «Актоко» повести көкрңкм чыгарма демек, болуп өткөн окуялар көркөмдөө жолу менен баяндалды. Ошол мезгилдерде бир айыл дегени, он чакты боз үй болгон чыгара. Ак падышанын жазалоочу отряды экинчи ирет келе жатканда кайнатасы баш болгон аксакалдар кеңешип, Актокого айткандары бар экен: «Сен орусча билесиң, тигил жакта келе жаткан аскерлер менен сүйлөшүп, токтотуп бер, бала-чакабызды сактап кал», деп айткандары, бул таза чындык. Апам бул жөнүндө көп айтып калчу. Албетте, 1916-жылы болгон окуяны азыркы заманга аралаштырбай, Империалистик ак падышанын саясаты деп кароо керек. Кийин 1917-жылы ошол эле Россияда болуп өткөн төңкөрүш кыргыздардын улут катары сакталып калышына таасирин тийгизгенин тарыхчылар айтып эле жүрүшпөйбү. Демек, ак падыша менен Совет өкмөтүн чаташтырбай туура түшүнүү керек деп айтар элем.

- Таенеңиз орус кызы болгонун, 1916-жылдары үй-бүлөңүздө болгон окуяларды кийин гана бой тартып калганда уккан экенсиз…

- Ооба, мен чоңоюп, бой жетип калганда байкелеримден уккам. Кийин апам айтып берген. «Эл оозунда элек жок» демекчи, кыргыз айылында жашагандыктан коңшу-колоң, абысындарынан, айылдаштарынан апасы тууралуу ар түрдүү сөздөрдү угуп, жедеп жүдөп бүткөндүктөн бизди бир аз да болсо, коргогусу келсе керек. Тагырагы апасы орус кызы экени айтылбай унутта калса деген оюн байкоого болот. Жогоруда айткандай Кылычбек, Болотбек деген агаларым жана Салиман аттуу жалгыз карындашыбыз бар. Бул окуяны уккан соң, биз балдары баарыбыз апабызды колдоп кирдик. Кайра кызыгып сурай баштадык. Апам ошондо балдарынын ошондой жакшы мамилесине катуу сүйүнгөн.

1965-жылы Жүкөш атам, 1968-жылы Актоко таенем кайтыш болду. Бул учурда агаларым бир аз да болсо эс тартып дегендей, мага караганда билип, көрүп калгандарын айтып калышат. Кийин чыгарма жазганда да алардын жардамы чоң болду. Ошолордун айтканы менен көп нерсе жазылды.

- Таенеңиз тууралуу эсиңизде калган окуялар барбы?

- Көп эмес. Таенем оорукчан болуп калды. Беш маал намаз окуп, орозо тутуп жүрчү экен. «Аруу, такыба адам болчу, ал киши түз эле бейишке кирген болушу керек» деп кийин аксакал кишилерден угуп калганым бар. Орус болсо да такыба мусулман болгон экен. Бирөөгө акарат кылбаган, ушак сөз сүйлөбөгөн, аруу зат эле дешчү. Ошол он алтынчы жылы кыргызга, таятама күйөөгө тийгенден бери намазды калтырбай окуп жүрүптүр. Мен бала кезимде таенемдин намаз окуп жаткандагы эңкейип саждага барганы көз алдымда тартылып турат.

- Бул чыгарманы жазууга канча убакыт кетти?

- Мунун баары башынан эле көкүрөктө жүрө берген да. Калем кармап жаза баштаганыма баш-аягы үч-төрт жылдай убакыт кетти го. Эл оозунан, архивдерден тарыхый фактыларды, тарыхчылардан, адистерден сурап, китептерди окуп изилдөөгө көп убакыт кетти. Мен жөн эле таенемди айтып мактанайын, атын чыгарайын деген ойдо эмес, тарыхты, болгон окуяларды жазам деп максат кылгандыктан көп убакыт, көп эмгек сарпталды.

- Ар бир эле калемгер жер шарына тарап кеткидей чыгарма жазууну көксөйт эмеспи. Эгер сизде да ошондой изги тилек болсо, убакытты курулуш тармагына уурдатып койдум деп ойлобойсузбу?

- Андай ой мүмкүн болгон чыгар. Бирок, миң аракет кылсаң да баары ойдогудай боло бербейт эмеспи. Баары Кудайдан деп түшүнөм. Жазуучулуктун түбү жок экен да. Улам арылап кете берет. Кийинки жазыла турган чыгармам кандай деңгээлде чыгат, албетте аны айта албайм. «Эл тараза, эл сынчы» дегендей, окурман таразалайт. Жөнөкөй бир окурман чыгармаң тууралуу жылуу пикир, жакшы сөз айтып койсо, ушундай бир кубанасың. Демек, чыгармаларым элге жетип жаткан экен дейсиң. Мисалы, «Актоко» боюнча бир байбиче телефон чалганы эсимде калыптыр. Дарегимди «Кыргыз туусу» гезитинин редакциясынан алса керек. Ошол гезитке «Актоко» повести сандан санга чыккан болчу. «Сенин китебиң менен келинимди тарбиялап жатам» дейт. Ошондо, тим эле жыргап уктум.

Бул жерде Актоконун бир эпизоду бар. Үйгө конок келгенде кантип тосуп алыш керек, дасторконду кантип жайыш керек, келин өзүн кандай алып жүрүш керек деген сыяктуу... Башка да чыгармаларым жөнүндө телефон чалуулар, дарегимди таап келип, атайын сурагандар да болду. Бардыгы жакшы пикирлерин айтып жатышты. Чыгармамды ушундай окуп жаткандан кийин кубанасыңда, туурабы? Эми кеч баштаганыма бир аз кейийм, бирок бул да Кудайдын буйругу. Баары өз убагы менен болот экен...

- Тарыхый окуяларга кайрылганда тарыхчылардан кимдер менен кеңешесиз? Негизи эле өзүңүзгө устат катары санаган адамдар барбы?

- Ооба, тарых бул ойдон чыгарылган жомок эмес да. Көркөм чыгарма экенине карабай анда да так маалыматтар жазылышы керек. Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин менен көп иштештик, азыр деле суроолор болсо кайрылып турам. Филолог Гүлжигит Сооронкулов, тарыхчылар Надырбек Алымкулов, Өмүрбек Токторбеков, Акылбек Жуманалиев, адабиятчы Рысбек Эшматов, жазуучулар Афина Абдылдаева, Жумабек Токтогазиев сыяктуу агайларым бар. Алар менен сөзсүз кеңешем, маалыматтарды тактайм. Анан албетте, архивди карайм. Беш-алты айлап китепкана, архивдерден чыкпай жүргөн күндөр болгон. «Кут-Ай» повестин жазып жүргөн мезгилдерде эл оозунда айтылып жүргөн санжырага кайрылып, санжырачылар менен маектешип да жүрдүм. Айтылуу санжырачы Сыргак Сооронкулов менен көп сүйлөштүм.

Устат катары залкар, кеменгер жазуучу Ч.Айтматовду айта алам. Чыгармаларын кара сөз түрүндө жазылган поэзия деп койсок болот да. Окугуң эле келе берет. Чыгармаларын окуп жүрүп, такшалдым десем да болот.

- Азыркы кыргыз адабиятынын абалына, жакынкы келечегине кандай баа бересиз?

- Бул суроого мен ката жооп берип коюшум мүмкүн. Себеби, азыркы жазуучулардын эмгектерине баа берип жатып, туура эмес айтып, өзүмдү кыйын сезгендей болуп калбайын. Ар ким өзүнүн алына жараша жазып жатат десем, туура болот го дейм. Мен сынчы эмесмин да, баа бере албайм. Эл өзү окуп, баасын берет. Албетте, жазмакерлердин баары эле Айтматов же Осмонов болуп кетпейт. Бирок ар кимисинин өзүнчө даремети бар да. Кайталап айтсам, окурмандан өткөн сынчы жок. Кандай чыгарма жаралбасын, окурмандар, сынчылар арасында талкууга алынып калса, демек ал жакшы чыгарма. Начар жазылса, андай чыгармага эч ким деле көңүл бөлбөйт да.

- Окурмандар тууралуу оюңуз… Китеп окугандар аз, жок болуп бара жатат деп дагы айтып жүрүшөт, күнөө кимде? Окурмандабы же эл оозуна алынган, окурманды өзүнө тарткан чыгарма жазылбай жатканындабы?

- Ачыгын айтканда, азыр элдин баары жеңил-желпи оокатка көнүп калбадыбы. Түнү менен окугандан көрө, телевизордон, интернеттен көрүп алганды оңой көрүшөт. Азыр так ушул заманда болуп жаткан нерселерди, көйгөйлөрдү жазайын деген оюм бар. Чынында эле окурмандар аз, бирок бирөөнү күнөөлүү деп айтыш кыйын. Мурдагыга караганда азыр окурмандар көбөйүп калды, окушат, китеп сатып алышат. Мындан он-он беш жыл мурда китеп окугандар аз болчу, азыр жакшы эле окуп калды. Негизи каалаган информацияны китептен алууга жетпейт да. Китеп окуу — өзүнчө эле керемет.

- Азыркы учурда китепке караганда сыналгы көргөндөр көбөйдү деп калбадыңызбы, чыгармаларыңызды эл арасына көбүрөөк жайылтуу максатында кино тарталы деген сунуштар болдубу?

- Белгилүү режиссёр Темир Бирназаров ушундай сунуш айтып, экөөбүз биргеликте «Актоко» повестинин негизинде киносценарийин жазып, даярдап койгонбуз. Эми кудай буйруса кино тартылат деген үмүт бар. Бирок, баары кайра эле акча каражатына барып такалгандыктан качан тартылып, качан даяр болору белгисиз…

- Кроссворд, ырлар, аңгеме-повесть — драма жазып көрөйүн деген оюңуз барбы?

- Драма жазган да өзүнчө бир кызык экен да. Негизи пьеса жазгам, «Актоко» боюнча пьеса жазып бериңиз деп суранышканынан жазып бергем. Бирок кыйын эле экен, кийин эмне болгонун билбейм. Сценарий да ошондой эле да, кыйын экен. Ошондон кийин башка жазбайм дедим. Ч.Айтматов да бир эле пьеса жазганынын себеби ушундабы деп ойлоп калдым. «Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» дейт эмеспи.

- Балдарыңыздан сиздин жолуңузду жолдоп, калем кармагандар барбы?

- Азырынча билинбейт. Кызым филология факультетин бүткөн. Балдарымдан, кыздарымдан, мүмкүн неберелеримден бирөөсү чыгып калаар. Баарын мезгил, убакыт көрсөтөт эмеспи.

- Маек үчүн терең ыраазычылык билдирип, чыгармачылык ийгиликтерди, жетишкендиктерди каалайбыз.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком