09:33, 13-март, 2026

«Бест Вей Элет» коммерциялык эмес кооперативи: Айына 15,5 миң сом төлөп, батир алсаңыз болот

На русском
20:30, 22-декабрь, 2022 759

АКИpress - «Бест Вэй Элет» кооперативи жөнүндө

«Бест Вэй Элет» коммерциялык эмес кооперативи — турак жай кооперативи формасында түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагында 2018-жылдын 18-апрелинен бери иштеп келе жаткан коммерциялык эмес уюм. Кооператив өз ишин уставдын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-июнундагы №70 «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамына ылайык жүзөгө ашырат. Коммерциялык эмес кооператив жарандардын ыктыярдуу бирикмеси катары кооперативдин мүчөлөрүнүн үлүштүк салымдарын бириктирүү аркылуу кооперативдин мүчөлөрүнүн турак жайга болгон муктаждыктарын канааттандыруу максатында мүчөлүктүн негизинде түзүлгөн.

Иштин коммерциялык эмес мүнөзү

Коммерциялык пайда табуу жана аны кооперативдин мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүү «Бест Вэй Элет» кооперативинин уставында каралбайт жана кооперативдин уставдык ишин жүзөгө ашыруудагы негизги максаты болуп саналбайт. Башкы максаты — «Бест Вэй Элет» кооперативинин мүчөлөрү үчүн турак жай алуу. Кооператив менен анын мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык мүчөлүктүн негизинде келип чыгат. Каражаттар кооперативдин мүчөлөрү тарабынан «Бест Вэй Элет» кооперативинин уставына ылайык түзүлөт.

Кооперативге кимдер жана кантип кирет?

18 жаш курагына жеткен Кыргыз Республикасынын эмгекке жарамдуу ар бир жараны жана чет өлкөлүк жарандар да кооперативге мүчө боло алат. «Бест Вэй Элет» кооперативинин мүчөсү болууну каалаган жарандар кооперативге мүчөлүккө кабыл алуу жөнүндө арыз толтурушат жана «Бест Вэй Элет» кооперативинин башкармалыгына беришет. Кооперативдин уставына ылайык, кооперативдин башкармалыгы тарабынан арыз менен кайрылган жаранды мүчөлүккө кабыл алуу жөнүндө оң чечим кабыл алынып, мүчөлүккө кирүү акысы (бир жолку төлөм), мүчөлүк акы жана минималдык пайлык төлөм төлөнгөндөн кийин, арыз ээси менен кооператив менен келишим түзүлүп, толук мүчөлүк статусу берилет.

Үй сатып алуунун жол-жобосу кандай?

Ар бир кооперативдин мүчөсү биринчи өзү сатып ала турган кыймылсыз мүлктүн болжолдуу баасын аныктайт жана аныкталган сумманын 35% биринчи пайлык төлөм катары төлөп же топтоо программасы менен кооперативдин мүчөлөрүнүн кезегине турат. Кооперативдин мүчөсүнүн кезеги келгенде кооператив турак жайдын наркынын 65 пайызын кошот, андан кийин мамлекеттик каттоодон өткөн сатуу-сатып алуу келишими түзүлөт. «Бест Вэй Элет» кооперативи жана анын мүчөсү менен түзүлгөн келишим боюнча кыймылсыз мүлк мүчөнүн кызыкчылыгы үчүн сатып алынат жана узак мөөнөттөгү ижара келишими каттоочу органда мамлекеттик каттоодон өтөт. Кооператив мүчөсүнө кыймылсыз мүлктү сатып бергенден кийин, кооперативдин мүчөсү үчүн максималдуу 10 жылга чейин жеке төлөм графиги эсептелип берилет. Кооперативдин мүчөсү кооператив менен мөөнөтүнөн мурда эсептешүүгө укуктуу. Кооперативдин мүчөсү толук пайлык төлөмдөрүн төлөп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 251-беренесине ылайык кыймылсыз мүлктүн ээси болуп калат.

Кооперативдин 5 жылдык ишинин статистикасы

Бүгүнкү күндө 1201 адам «Бест Вэй Элет» кооперативине мүчө болуп катталышкан.

2018-жылдын 18-апрелинен баштап азыркы учурга чейин «Бест Вэй Элет» кооперативи төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишти:

2022-жылдын декабрь айына карата кооператив 5 жыл ичинде жалпы 648 млн 804 миӊ сомго мүчөлөрүнө 213 объект сатып берди. Мындан тышкары акыркы айда үлүштүк фонддо 17 млн ​​269 миң сом өлчөмүндө каражат топтолгон, бул каражат кезеги келген 9 мүчөгө турак жай сатып берүүгө жумшалат да, 10 жылдык пайлык төлөм графиги түзүлүп берилет.

Турак жайдын наркынын 35% жана 50% өлчөмүндө биринчи төлөмүн төгүп, турак жай сатып алуу үчүн кезекке турууга укук алгандардын саны – 201 адам.

35% биринчи төлөмүн топтоп, кезекке туруу үчүн кооперативдин топтоо программасына катышып жаткандардын жалпы саны — 803 киши. Топтоо программасына катышуунун артыкчылыгы, алар кооперативге мүчө болгон бардык мезгил үчүн мүчөлүк акы 50%га төмөн болот.

Кезек жылуунун орточо ылдамдыгы

Бүгүнкү күндө уставга жана мүчөлүк келишимине ылайык ай сайын минималдуу үлүштү жана мүчөлүк акыларды өз убагында төлөгөн мүчөлөрдүн кезеги болжолдуу 2 жылдын тегерегин түзүүдө. Кезектин ылдамдыгы төмөнкү факторлордон көз каранды: жаңы мүчөлөрдүн кооперативдин турак жай сатып алуу программаларына катышуусунун интенсивдүүлүгү, кезекке туруу программаларына жана топтоо программасына катышуусу, топтоо программасынын катышуучулары канчалык көп болсо, ошончолук тезирээк кезек жылат. Ошондой эле кезектин ылдамдыгы кооперативдин бардык мүчөлөрү тарабынан биргелешип жана жекече минималдуу үлүштүк төлөмдөрдү өз убагында төгүү тартибине жараша болот. Кооперативдин турак жай программаларына катышкан мүчөлөрдүн жалпы саны канчалык көп болсо, орточо кезек ошончолук тез жылат. Мүчөлөрдүн оптималдуу катышы жана эки программада тең мүчөлөрдүн саны 3000ден ашканда, ыктымалдуулук теориясына ылайык, кезектин орточо ылдамдыгы болжол менен 12-18 айды түзүшү керек, кооперативдин бул модели эталон болуп саналат жана кооперативдин кийинки 2 жылга койгон максаты ушундай.

Иш-аракеттердин ачыктыгы

Кооперативдин ишинин ачык-айкындуулугу кооперативдин мүчөлөрүнүн жеке эсептеринин онлайн системасы менен камсыз кылынат. Мүчө өзүнүн төлөмдөрүн жана кезектин жүрүшүн онлайн режимде интернет-сайт аркылуу көзөмөлдөйт.

Финансылык туруктуулуктун жана отчеттуулуктун деңгээли

Бүгүнкү күндө кооператив туура балансташтырылган резервдик фонддун жана өнүктүрүү фондунун эсебинен эӊ жогорку финансылык туруктуулукка ээ. Кооператив жыл сайын өз демилгеси боюнча кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна финансылык отчеттуулуктун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн эл аралык стандарттарга ылайык көз карандысыз аудитордук компания тарабынан аудит өткөрөт. Кооператив бухгалтердик эсепти эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзөт жана салык органына, Соцфондго жана статистика органдарына өз убагында отчет берип турат. Кооперативдин бардык иши кооперативдин мүчөлөрү учун толук ачык-айкын.

Кооперативдин турак-жай программасы социалдык инновация катары

Кооперативдин программасы социалдык инновация болуп саналат. «Бест Вэй Элет» кооперативинин уникалдуу кайталангыс модели кыргызстандыктардын турак жайга ээ болуу мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүүгө зор салымын кошот. Анткени кооперативдин модели батир алууну жеңилдетүүгө зор салымын кошот. Кооперативдин модели батир алуунун жеӊил жана финансалык жактан коопсуз жолун сунуштайт. Мүчө же батир алат, же болбосо пайлык төлөмдөрүн 100% кепилдик менен кайтарып ала алат. Буга кооперативдин резервдик фонду кепилдик берет.

Санариптештирүүнүн эсебинен иштөөнүн жана кеңсени башкаруунун натыйжалуулугу

Кооперативдин республика боюнча жападан жалгыз бир гана кеңсеси бар. Кооперативдин мүчөлөрдү тейлеген онлайн системасы бар болгондуктан төлөм процедуралары, иш кагаздарын жүргүзүү, почталык жана электрондук кат алмашуу аркылуу аралыктан документтерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгү иштегендиктен, кооперативде иштеген кызматкерлердин дагы штаты салыштырмалуу аз. Мүчөлөрдүн жалпы чогулуштары жана кезексиз чогулуштары, кооперативдин бардык маанилүү маселелери боюнча добуш берүү мүчөлөрдүн жеке кабинеттери аркылуу онлайн режиминде өткөрүлөт.

Мүчөлөрдүн кооперация жөнүндө билим деңгээлин жогорулатуу

Кооперативдин мүчөлөрү, ошондой эле кооперативге кирүүгө талапкерлер: кооперативдик кыймылдын тарыхы, кооперативдер жөнүндө мыйзамдар, кооперативдин укуктук аспектилери, кооперативдин мүчөсүнүн жана кооперативдин укуктары жана милдеттери, кызматтык маселелер боюнча окуу программаларынан үзгүлтүксүз өтүп турушат. Ошондой эле кооперативдин модели, кооперативдин топтоо программасы жана башка темаларда окуу семинарлары болуп турат.

Биздин кооперативдин моделинин өзгөчөлүгү кооперативдин финансылык туруктуулугун камсыздайт

Турак жай кооперациясынын мындай уникалдуу модели бүгүнкү күндө турак жай кооперациясынын дүйнөлүк практикасынан бардык мыкты өзгөчүлүктөрдү өзүнө сиңирген чыныгы социалдык инновация болуп саналат, ал турак жай кооперативинин программасына катышкан бардык жарандарга өздөрү үчүн турак жайды ыӊгайлуу шартта жана коопсуз сатып алууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, бул кооперативдик модель турак жай сатып алуунун эң коопсуз жана ишенимдүү түрү болуп саналат. Мүчөгө үлүштүк төгүмдөрүн жоготуу коркунучу тап-такыр болбогондуктан, анын эки гана тандоосу бар: же ал турак жай сатып алат, же каалаган учурда кооперативден өз ыктыяры менен чыгып, үлүштүк салымдарын кайтарып кете алат. Мындай кепилдик мыйзам менен да, кооперативдин уставы жана мүчөлүк келишими менен да кепилденет, бирок биринчи кезекте кооперативдин моделинин финансылык туруктуулугу менен кепилденет.

Кооперативдеги финансылык туруктуулук жана коопсуздук кооперативдин негизги принциби жана мыйзамдардын сакталышы менен да камсыз кылынат, ага ылайык кооперативдин мүлкү кооперативдин мүчөлөрүнүн үлүштүк төгүмдөрүнүн жана сатып алынган батирлер түрүндөгү мүлктүн эсебинен түзүлөт. Үлүштү толук төлөп бергенден кийин гана батирлер мүчөнүн менчигине өтөт, бул этапка чейин батирлер кооперативдин менчиги болуп саналат, башкача айтканда, кооперативдин мүлкүн түзгөн бардык пай ээлеринин жалпы жамааттык менчиги болуп саналат.

Буга чейин үлүштүк салымдарды толук төлөгөн 29 мүчө батирлерин менчикке алышты

Бүгүнкү күндө кооператив сатып берген 188 батирден 29 батир үлүшчүлөрдүн менчигине өттү, анткени алар бардык үлүштүк төлөмдөрүн мөөнөтүнөн мурда төлөшкөн. Ал эми калган 164 батир пайлык төлөмдөр толук кайтарылганга чейин кооперативдин менчигинде болуп, кооперативдин жалпы мүлкүн түзөт. Батирлердин баасы кымбаттаган сайын, кооперативдин жалпы мүлкүнүн баасы да жогорулай берет.

Турак жайдын баасы жана төлөө графиги улуттук валютада белгиленген

Турак жайдын наркы улуттук валютада — сом менен белгиленет, ал эми 10 жылга чейинки мезгилге төлөөнүн графиги да сом менен эсептелет. Мына ошондуктан, сатып алган турак жайдын баасы жыл сайын өсүп жаткандыктан, үлүшчү сатып алган батирди сом менен белгиленген графикке ылайык сатып алуусу пайдалуу. Ошентип, кооперативдин мүчөсү турак жай алгандан кийин, кийинки жылдарда сатып алынган батирдин баасы кымбаттаганда, утушка ээ болот.

Кооперация турак жай проблемасын чечүүнүн жаӊы жолу катары

Кооперация — актуалдуу проблемаларды чечүүнүн заманбап жолу. Калкты турак жай менен камсыз кылуу проблемасына келсек, кооперация алардын турмуш шарттарын жакшыртуунун пайдалуу жолу болуп саналат. Турак жайды ашыкча төлөмдөрсүз сатып алуу мүмкүнчүлүгү биздин жарандарга кеӊири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Миссия

«Бест Вэй Элет» кооперативинин социалдык миссиясы Кыргыз Республикасынын жарандарынын турак жайга болгон конституциялык укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын максаттары менен үндөш келет. Кыргыз Республикасынын “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинде “Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кооперативдерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого көмөк көрсөтөт” деп жазылган.

Учурда «Бест Вэй Элет» кооперативи 5 жылдык ийгиликтүү тажрыйбага ээ. Жана биз бул тажрыйбаны бардык кызыктар тараптар менен бөлүшүүгө ачыкпыз.

Кошумча маалымат жана кеңеш алуу үчүн кооперативдин өкүлдөрү менен байланышыңыз.

  • 0779 620037
  • 0553 620037
  • 0709 620037
  • 0772 604 469

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»