01:09, 13-март, 2026

Путин Донецк жана Луганскта тынчтыкты сактоону камсыз кылууну тапшырды

На русском
09:02, 22-февраль, 2022 556

АКИpress - Орус аскерлери ДЭРдин (Донецк Элдик Республикасы) жана ЛЭРдин (Луганск Элдик Республикасы) аймагында тынчтыктын сакталышын камсыз кылууга тийиш. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путиндин республикаларды таануу жөнүндөгү жарлыктарында айтылат, деп билдирди РБК.

Жарлыктарга ылайык, аскер кызматкерлери бул милдеттерди достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу боюнча келишимдер түзүлгөнгө чейин аткарышат.

«Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги ушул жарлыктын 3-пунктунда көрсөтүлгөн келишим түзүлгөнгө чейин Донецк Эллдик Республикасынын аймагында Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрү тынчтыкты сактоо функцияларын аткарышын камсыз кылсын», - деп айтылат ДЭРди таануу жөнүндө жарлыкта. Ушундай эле буйрук ЛЭРди таануу жөнүндө жарлыкта камтылган.

Жарлыктарда республикалардын эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын таануудан тышкары, Орусиянын Тышкы иштер министрлигине «Донецк тарап» жана «Луганск тарап» менен дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылган.

Ошондой эле Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине ДЭР жана ЛЭР менен достук, кызматташтык жана өз ара жардам көрсөтүү жөнүндө келишимдердин долбоорлорун даярдоо боюнча аткаруу бийлик органдарынын катышуусунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылды.

21-февралда Путин ДЭР менен ЛЭРди таануу жөнүндө жарлыктарга кол койгон. Документтерге ошондой эле республикалардын башчылары Денис Пушилин менен Леонид Пасечник кол коюшту.

Авторизация / Регистрация

выш выбор: Одна новость (950 сом)

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»