16:28, 18-январь, 2022

Казакстандын дагы бир облусунда өзгөчө абал режими алынды

На русском
19:52, 15-январь, 2022 297

АКИpress -  Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Актөбө облусундагы өзгөчө абал режимин алып салды. Тиешелүү жарлык Акордонун сайтында жарыяланды.

«Өзгөчө абал жөнүндө» Казакстан Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык токтом кылам:

2022-жылдын 16-январында саат 07:00дөн баштап Казакстандын президентинин 2022-жылдын 5-январындагы №738 «Актөбө облусунаа өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» жарлыгы менен Актөбө облусунун чек арасына киргизилген өзгөчө абал жокко чыгарылсын», - деп айтылат документтин текстинде.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Буга чейин өзгөчө абал Чымкент, Чыгыш Казакстан, Түркстан, Акмола, Костанай, Караганда, Павлодар, Батыш Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарында алынып салынган.

Өзгөчө абал: Атырау, Кызылордо, Алматы, Мангыстау жана Жамбыл облустарында жана Нур-Султан, Алматы шаарларында сакталат.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком