16:49, 18-январь, 2022

Алматыда кармалган 4 кыргызстандык абактан бошотулду, - ИИМ

16:52, 15-январь, 2022 474

АКИpress -  Бүгүн, 15-январда Казакстандын Алматы шаарында массалык баш аламандык учурунда кармалган Кыргызстандык төрт жаран абактан кое берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Казахстандагы Башкы консулдугунун, ИИМдин Казахстандагы өкүлчүлүгүнүн жана УКМКнын бирдиктүү күч-аракетинин натыйжасында кое берүү тууралуу макулдашууга жетишилди, деп айтылат маалыматта.

«Азыркы учурда З. Юбуров, А. Хуров, И. Мачо жана А. Жиншанло Алматыдан өз үйлөрүнө кое берилди. Аталган Кыргызстандын жарандары көп жылдар бою Алматы шаарында эмгектенип, иштеп жүргөндүктөрү белгилүү болгон. Ушул себептен, алар Казахстандын аймагында калышаарын билдиришти», - дейт ИИМдин басма сөз кызматы.

Өз кезегинде кыргызстандыктар ИИМдин Казакстандагы өкүлчүлүгүнө жана Кыргызстандын Казакстандагы башкы консулдугуна ыраазычылык билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от КР ИИМ | МВД КР (@mvd_official_kg)

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком