17:24, 18-январь, 2022

Казакстанда Назарбаевдин күйөө балдары кызматынан бошотулду

На русском
16:30, 15-январь, 2022 693

АКИpress -  «Самрук-Казына» фонду Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин эки күйөө баласы — Димаш Досанов жана Кайрат Шарипбаев кызматтан алынганын билдирди.

«КазТрансОйлдун» жетекчиси Димаш Досановдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бул тууралуу «Самрук-Казына» фондунун сайтында маалымдалды.

«КазТрансОйл» ААКтын Директорлор кеңешинин 2022-жылдын 14-январындагы чечимине ылайык, берген арызынын негизинде Д.Г.Досановдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду» - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Кайрат Шарипбаев «QazaqGaz» ААКтын башкармалыгынын төрагалыгынан кеткенин «sk.kz» сайты жазды.

«QazaqGaz Улуттук компаниясы» ААКтын Директорлор кеңешинин 2022-жылдын 14-январындагы чечимине ылайык, К.К.Шарипбаевдин өзү берген арызына ылайык анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком