16:16, 18-январь, 2022

Бишкекте бакты сүзгөн айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен

На русском
14:06, 15-январь, 2022 300

АКИpress -  15-январда Ч.Айтматов проспектисинде (Ахунбаев көчөсү менен Түштүк магистраль көчөлөрүнүн ортосунда) жол кырсыгы катталды.

Милициянын кайгуул кызмтанын басма сөз кызматы билдиргендей, саат үчтөр чамасында «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа Ч.Айтматов проспектисинде бара жатып, бакты сүзгөн. Бирок айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен.

Унаа айып короого токтогулган. Айдоочунун өздүгү жана кырсыктын себеби такталууда.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком