17:10, 18-январь, 2022

2021-жылы Бишкекте 3284 мас абалында унаа башкарган айдоочу кармалган

На русском
20:24, 15-январь, 2022 210

АКИpress -  Бишкек шаарында 2021-жылы жол эрежесин бузуу боюнча 289 миң 136 протокол түзүлдү, деп билдирди Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Алардын ичинен :

- Авто унаага тийиштүү документтери жок айдоо — 3175 ;

- Мас абалында авто унаа башкаруу — 3284;

- Авто ээнбаштык — 69;

-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо — 751;

-Жөө жүргүнчүлөр жана велосипеддер катышкан эреже бузуулар — 5514;

- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 276 340;

- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 22580 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком